51-берене. Деңиз арбитражы
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 5-глава
1. Соода үчүн деңизде сүзүүдөн келип чыккан талаш-тартыштарды чечүү үчүн Кыргыз Республикасында бейтарап соттор жөнүндө мыйзамдарга ылайык деңиз арбитражы түзүлүшү мүмкүн.
2. Деңиз арбитражын түзүү жөнүндө чечим Министрлер Кабинетинин сунушунун негизинде кабыл алынат.
3. Деңиз арбитражынын ишинин тартиби, териштирүүсүнүн эрежелери жана арбитрлеринин статусу Кыргыз Республикасынын бейтарап соттор жөнүндө мыйзамдарына ылайык бекитилген анын регламенти менен аныкталат.
4. Деңиз укугу, соода үчүн деңизде сүзүү жана чектеш тармактар жаатында зарыл болгон атайын билими бар адамдар деңиз арбитражынын арбитрлери боло алат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-51" title="51-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>