48-берене. Кийинки камакка алуу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 5-глава
1. Кеме ошол эле деңиз талабы боюнча төмөнкүдөй учурларда (ал камактан бошотулган же ал үчүн камсыздоо берилген болсо да) кайра камакка алынышы мүмкүн, эгерде:
1) берилген камсыздоонун өлчөмү жетишсиз болсо (камсыздоонун жалпы өлчөмү кеменин наркынан ашпаган шартта);
2) камсыздоону берген жак өз милдеттенмелерин толугу менен же жарым-жартылай аткарууга жөндөмсүз болсо;
3) кеме төмөнкүлөрдүн натыйжасында камактан бошотулган же талап боюнча берилген камсыздоо жокко чыгарылган болсо:
- талап койгон жактын арызы же макулдугу боюнча, буга негиздер болгон учурда;
- арыз ээси зарыл чараларды көрүү аркылуу кемени камактан бошотууга тоскоол боло албагандыктан.
2. Эгерде кеме камактан бошотулган болсо же аны камакка алууну болтурбоо үчүн камсыздоо берилген болсо, ошол эле деңиз талабынын негизинде камакка алынышы мүмкүн болгон кандай болбосун башка кеме (бир типтүү кеме) камакка алынууга тийиш, эгерде:
1) бул талап боюнча алынган камсыздоонун өлчөмү жетишсиз болсо;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында белгиленген эрежелер колдонулса.
3. Ушул берененин жоболору кеме мыйзамсыз камактан бошотулган учурда колдонулбайт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-48" title="48-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>