43-берене. Кыргыз Республикасында каттоо үчүн чет өлкөлүк кемелердин документтерин таануу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 4-глава
1. Таанылган классификациялык коомдор тарабынан ушул Кодекстин 6-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык берилген сүзүүгө жарактуулугу жөнүндө күбөлүк, коопсуздук жөнүндө күбөлүктөр (конструкциясы жана жабдуулары боюнча), эл аралык өлчөө күбөлүгү, жүк маркасы жөнүндө эл аралык күбөлүк жана кеме радиостанциясын эксплуатациялоого уруксат кемени Кеме реестрине каттоо үчүн негиз катары Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан кабыл алынат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык Кеме реестринде мамлекеттик каттоо үчүн көрсөтүлгөн кандай болбосун кемелер, кеменин деңизде сүзүү коопсуздугунун талаптарын канааттандырарына күмөн жаралган учурда тиешелүү документтеринин бар болушуна карабастан, техникалык көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүчү кемелердей эле текшерүүгө алынышы мүмкүн.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-43" title="43-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>