4-берене. Ушул Кодексти колдонуу чөйрөсү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 1-глава
1. Ушул Кодекстин эрежелери жана жоболору, эгерде улуттук мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзгөн деңиз кемелерине алар деңиз жолдору менен сүзгөн учурда колдонулат.
2. Ысык-Көлдүн акваториясындагы ички сүзүү кемелери үчүн ушул Кодекстин жоболору аларга тиешелүү бөлүгүндө колдонулат жана Кыргыз Республикасынын ички суу транспорту жөнүндө мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында мамлекеттик каттоого жана соода үчүн деңизде сүзүү максатында иштөөгө төмөнкүлөр үчүн жол берилбейт:
1) кандай болбосун өзөктүк кемелер;
2) кооптуу өзөктүк материалдарды жана жардыргыч заттарды ташууга арналган кемелер;
3) кандай болбосун аскердик кемелер жана аскердик-көмөкчү кемелер.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган коммерциялык эмес кемелер Кыргыз Республикасынын толук юрисдикциясында турат жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, эл аралык укуктун ченемдерине ылайык кармоого, камакка алууга жана соттук артынан түшүүгө каршы иммунитетти пайдаланат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>