Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
305-берене. Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча доонун эскирүү мөөнөтү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 33-глава
Жүктү деңиз аркылуу ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптарды коюуда ушул Кодекске ылайык доонун эскирүү мөөнөтү колдонулат, ал төмөнкүлөр боюнча эсептелет:
1) жүктүн жоголушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча - жүк бериле турган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин, аралаш ташууда - жүктү ташууга кабыл алынган күндөн тартып төрт ай өткөндөн кийин;
2) жүктүн кем чыгуусунан же бузулгандыгынан, жүктү жеткирүүдө мөөнөтүн өткөрүп жиберүүдөн улам келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, ташуу төлөмдөрүнүн ашыкча төлөнгөнүн кайтаруу же жетишпегенин өндүрүп алуу жөнүндө талаптар боюнча - жүк берилген күндөн тартып, эгерде жүк берилбеген болсо - ал берилүүгө тийиш болгон күндөн тартып;
3) бир тектүү жүктөрдү куюп, үйүп же төгүп массалык түрдө ташууда пайда болгон жүктүн кем чыгуусунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптар боюнча, тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда - алар жыл сайын жүргүзүлүүчү инвентаризациялоо актысына кол койгон күндөн тартып;
4) кеменин берилбей калышы же аны кеч берүү менен шартталган чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө, кеменин токтоп туруусуна акы төлөө жөнүндө, жүктү мөөнөтүнөн мурда жүктөө же түшүрүү үчүн сый акыларды төлөө жөнүндө талаптар боюнча - ташуу аякталган күндөн же ташуу аякталууга тийиш болгон күндөн тартып;
5) бардык башка учурларда - талап коюу үчүн негиз болгон окуя болгон күндөн тартып.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-305" title="305-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>