28-берене. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугунун пайда болушу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Башка мамлекетте сатып алынган же курулган кеме Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугуна Кеме реестрине тиешелүү жазуу киргизилген жана Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан бул укукту ырастоочу убактылуу күбөлүк берилген учурдан тартып ээ болот. Убактылуу күбөлүк туруктуу каттоо жол-жобосу аяктаганга чейин, бирок алты айдан ашпаган мөөнөткө жарактуу болот.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана деңизде сүзүү жаатындагы эл аралык келишимдерди бузуу үчүн жоопкерчиликти Кеме реестринде катталган кемелердин менчик ээлери (кеме ээлери) жана фрахттоочулар ушул Кодекстин жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык тартат.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүү укугун пайдаланган кеме мамлекеттин улуттуулугуна ээ жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында сүзүүгө милдеттүү.
4. Кыргыз Республикасында кемелерди каттоо порту болуп Бишкек шаары саналат. Каттоо портунун "BISHKEK" деген аталышы каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлүүгө жана кеменин арткы бөлүгүндө кеменин аталышынын астына латын алфавитиндеги тамгалар менен жазылууга тийиш.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун ага укугу жок кемеде мыйзамсыз көтөрүү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>