Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
251-берене. Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 26-глава
1. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына ылайык жоопкерчиликти камсыздандыруунун же башка финансылык камсыздоонун болуусун ырастоочу, чөгүп кеткен кемелерди алып салуу үчүн жоопкерчиликти камсыздандыруу же башка финансылык камсыздоо жөнүндө күбөлүк ар бир кемеге Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан аталган Конвенциянын талаптары аткарылган учурда берилет.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү берүүнүн жана текшерүүнүн шарттары, тартиби Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы же экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген эрежелер менен аныкталат.
3. Ушул беренеде көрсөтүлгөн күбөлүктү текшерүүнү уюштуруу жана жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астындагы кемелерди мамлекеттик контролдоонун жана техникалык көзөмөлдөөнүн алкагында жүргүзүлөт.
4. 2007-жылдагы Чөгүп кеткен кемелерди алып салуу жөнүндө Найроби эл аралык конвенциясына катышкан башка мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген күбөлүктөр Кыргыз Республикасында берилген күбөлүктөр менен бирдей таанылат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-251" title="251-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>