248-берене. Жоопкерчиликти камсыздоо жөнүндө күбөлүк
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 25-глава
1. Жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты же мунай өнүмдөрүн куюп ташыган кеменин бортунда ушул Кодекстин 247-беренесине ылайык кеменин менчик ээсинин мунайзат же мунай өнүмдөрү менен булгануудан улам келтирилген зыян үчүн жоопкерчилиги камсыздалгандыгын ырастоочу күбөлүк болууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн күбөлүктү берүүнүн жана текшерүүнүн тартиби экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген күбөлүктөрдү таануу Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.
3. Күбөлүккө ээ болуу боюнча милдетти аткарбоо жүк катары 2000 тоннадан ашык мунайзатты куюп ташыган кандай болбосун кеменин портко кирүүсүн же андан чыгуусун, же болбосо аймактык деңиздеги жээк курулмасына келүүсүн, ошондой эле жүктөө-түшүрүү операцияларын жүргүзүүсүн чектөөгө алып келет.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
248-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-248" title="248-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>