Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
246-берене. Доо коюу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 25-глава
1. Булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо кеменин менчик ээсине ушул главанын жоболоруна ылайык гана коюлушу мүмкүн.
2. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн жоболору сакталган шартта ушул главанын негизинде же башка негиздерде булгануудан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доо төмөнкүлөргө коюлушу мүмкүн эмес:
1) кеменин менчик ээсинин кызматкерлерине, анын ичинде экипаж мүчөлөрүнө, агенттерине;
2) лоцманга, экипаждын мүчөсү болбостон кемеде жумуш аткарган кандай болбосун башка адамга;
3) фрахттоочуга, анын ичинде бербоут-чартер боюнча фрахттоочуга;
4) кеменин менчик ээсинин макулдугу менен же компетенттүү органдардын көрсөтмөсү боюнча куткаруу операциясын аткарган кандай болбосун адамга;
5) алдын алуу чараларын көргөн кандай болбосун адамга;
6) ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында көрсөтүлгөн жактардын кызматкерлерине жана агенттерине, эгерде зыян алардын атайылап же одоно этиятсыздык менен жасаган аракеттеринин же аракетсиздигинин натыйжасы болбосо.
3. Ушул берененин жоболору кеменин менчик ээсинин үчүнчү жактарга регресстик доо коюусуна тоскоолдук кылбайт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-246" title="246-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>