Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
231-берене. Жалпы авария деп таанылбаган чыгымдар жана чыгашалар
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 23-глава
Ушул Кодекстин 212-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер болгон учурда да жалпы авария деп төмөнкүлөр таанылбайт:
1) өзүнөн өзү күйүп кеткен, борттон ыргытылган жүктүн жана соода үчүн деңизде сүзүү эрежелерин жана салттарын бузуу менен кемеде ташылган жүктүн наркы;
2) кемедеги өрттү өчүрүүдө түтүндүн же ысып кетүүнүн таасири менен шартталган чыгымдар;
3) деңиз коркунучунан улам кеменин бузулган бөлүктөрүн кесүүдөн жана аларды жоготуудан келтирилген чыгымдар;
4) жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин жөнөтүү портунда, кирүү портунда же баш калкалоочу жайда жылдыруу же түшүрүү боюнча чыгашалар, эгерде кеменин бузулгандыгы жөнөтүү портунда же кирүү портунда табылган болсо, рейс учурунда кырсык болбогон же бузулуу менен байланышкан башка өзгөчө кырдаал келип чыкпаган шартта, ошондой эле эгерде мындай чыгашалар рейс учурунда жылып кеткен жүктү кайра жайгаштыруу максатында гана жасалган болсо жана мындай кайра жайгаштыруу жалпы коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгынан улам келип чыкпаган болсо;
5) сууда сүзүп жүргөн кеменин кыймылдаткычтарынын, от казандарынын, башка жабдууларынын иштөөсүн күчөтүүдөн келип чыккан чыгымдар;
6) кеменин бузулгандыгын жоюу учурунда тартылган, кеменин экипажынын эмгек акысына, күтүүгө, күйүүчү майга жана жабдуу предметтерине чыгашалар, эгерде оңдоо рейсти коопсуз улантуу үчүн жасалган болсо дагы, кеменин бузулгандыгы жөнөтүү портунда же кирүү портунда табылган учурларда, рейс учурунда кырсык же бузулууга байланыштуу башка өзгөчө кырдаал болбогон шартта;
7) рейстин узактыгынын (кеменин токтоп турушунан, баалардын өзгөрүшүнөн жана башка жагдайлардан улам келип чыккан) созулушу менен байланышкан кандай болбосун чыгымдар жана чыгашалар.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-231" title="231-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>