23-берене. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кеменин менчик ээси кемени ишенимдүү башкаруу келишими боюнча аны ишенимдүү башкаруучуга беш жылдан ашпаган мөөнөткө менчик ээсинин кызыкчылыгында сый акыга кемени башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу.
Чарбалык карамакта же оперативдүү башкарууда турган кеме ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилиши мүмкүн эмес. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кемеге карата менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өткөрүп берилишине алып келбейт.
2. Кемени ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү кеме катталган Кеме реестринде милдеттүү түрдө катталууга тийиш.
3. Ишенимдүү башкаруучу болуп кемелерди башкаруу жана эксплуатациялоо жаатында компетенттүү болгон жеке ишкер же юридикалык жак болушу мүмкүн.
4. Кемени ишенимдүү башкаруу келишиминде мындай келишимдин тараптары, ишенимдүү башкаруучунун укуктары жана милдеттери, ошондой эле анын сый акысынын өлчөмү жана түрү көрсөтүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-23" title="23-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>