218-берене. Жарыяланбаган же туура эмес жарыяланган жүк
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 22-глава
1. Кеме ээсине же анын агенттерине билдирбестен кемеге жүктөлгөн жүктөрдүн бузулгандыгынан же жок кылынгандыгынан, ошондой эле ташуу үчүн атайылап туура эмес аталышта берилген жүктөрдүн бузулгандыгынан же жок кылынгандыгынан улам тарткан чыгымдар ушул Кодекстин 212-беренесинде белгиленген тартипте бөлүштүрүлбөйт. Эгерде бул жүктөр куткарылган болсо, алардын ээлери жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн жалпы негизде төгүмдөрдү төгүүгө милдеттүү.
2. Ташуу үчүн берүүдө жарыяланган наркы алардын иш жүзүндөгү наркынан төмөн болгон жүктөрдүн ээлери жалпы авария боюнча чыгымдарды жабуу үчүн төгүмдөрдү жүктөрдүн иш жүзүндөгү наркына ылайык төгүшөт, бирок чыгымдардын ордун толтурууну жүктөрдүн жарыяланган наркына ылайык алышат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
218-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-218" title="218-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>