215-берене. Жалпы авария катары таанылган чыгымдар
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 22-глава
Ушул Кодекстин 212-беренесинде көрсөтүлгөн белгилерге ылайык жалпы авария деп төмөнкүлөр таанылат:
1) жүктү же кеме жабдууларын борттон ыргытуудан, ошондой эле жалпы куткаруу үчүн чараларды көрүүдө кеменин же жүктүн бузулгандыгынан келип чыккан, анын ичинде жүктү ыргытуу үчүн ачылган люктар же бул үчүн кесилген башка тешиктер аркылуу трюмдарга суунун киришинен улам келип чыккан чыгымдар;
2) өрттү өчүрүүдө кемеге же жүккө келтирилген чыгымдар, анын ичинде күйүп жаткан кемени ушул максатта суу каптатуу менен шартталган чыгымдар;
3) кемени атайылап тайыз жерге отургузуудан жана мындай кемени тайыз жерден чыгаруудан келип чыккан чыгымдар;
4) кемени тайыз жерден чыгарууда кыймылдаткычтардын, от казандардын, башка жабдуулардын бузулгандыгынан улам келип чыккан чыгымдар;
5) лихтерлерди жалдоо, жүктү, күйүүчү майды же жабдуу предметтерин тайыз жерге отуруп калган кемеден лихтерлерге жүктөө, лихтерлерден тайыз жерден чыгарылган кемеге кайра жүктөө менен байланышкан чыгымдар;
6) бул операцияларды жасоо боюнча чыгашалар жалпы аварияга кирген учурларда жүктүн, күйүүчү майдын же жабдуу предметтеринин аларды кемеде жылдыруу, түшүрүү, кайра жүктөө жана жайгаштыруу, ошондой эле сактоо учурунда бузулгандыгы же жоголгондугу себеп болгон чыгымдар;
7) куткаруу келишимдин негизинде же ансыз жүзөгө ашырылгандыгына карабастан, куткаруу операцияларын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар;
8) жүктү жоготуунун орду жалпы аварияны бөлүштүрүү тартибинде толтурулган учурларда мындай жоготуудан келип чыккан фрахттын жоголушу, мында фрахттан жүк ташуучу тарабынан аны алуу максатында жүргүзүлүшү мүмкүн болгон, бирок атайылап жоготууга байланыштуу жүргүзүлбөгөн чыгашалар чыгарып салынат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
215-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 212-берене. Жалпы авария катары таанылган чыгымдар
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-215" title="215-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>