Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
201-берене. Кеменин дайынсыз жоголуусу
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 20-глава
1. Эгерде узактыгы конкреттүү жагдайларга жараша болгон жетиштүү мөөнөттүн ичинде кеме жөнүндө эч кандай маалыматтар келип түшпөсө, ал дайынсыз жоголду эсептелет. Кемени дайынсыз жоголду деп таануу үчүн зарыл болгон мөөнөт кеме жөнүндө акыркы кабар алынган күндөн тартып бир айдан кем эмес жана үч айдан ашык болушу мүмкүн эмес, ал эми согуш аракеттеринин шарттарында мындай мөөнөт алты айдан кем болушу мүмкүн эмес.
2. Кеме дайынсыз жоголгон учурда камсыздандыруучу толук камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жоопкерчилик тартат.
3. Кемени белгилүү бир мезгилге деңиз камсыздандыруу келишимине ылайык камсыздандыруучу, эгерде кеме жөнүндө акыркы кабар келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин алынган болсо жана эгерде камсыздандыруучу кеменин бул мөөнөт аяктагандан кийин дайынсыз жоголгондугун далилдеп бербесе, кеменин дайынсыз жоголгондугу үчүн жоопкерчилик тартат.
4. Кеменин дайынсыз жоголгондугу жөнүндө күбөлүктү берүү үчүн негиз болуп ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдүн ичинде кемеден маалыматтар келип түшпөгөндүгүнүн далилдери, ошондой эле кеме бара турган пунктка же маршруттун башка белгиленген чекитине келбегендигинин тастыкталышы саналат. Күбөлүк Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы тарабынан берилет жана камсыздандыруучуга талап коюу үчүн негиз болуп саналат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-201" title="201-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>