20-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кемелеринин соттук иммунитети
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган, коммерциялык эмес максаттарда пайдаланылган кемелер чет мамлекеттердин юрисдикцияларына каршы суверендүү иммунитетке ээ, эгерде бул кемелер мамлекеттик кызмат өтөө жана мамлекеттин милдеттерин аткаруу үчүн гана пайдаланылса, мындай кемелерге камак салынышы, кармалышы же өндүрүп алуу колдонулушу мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын коммерциялык максаттарда пайдаланылуучу мамлекеттик кемелерине суверендүү иммунитет жайылтылбайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кемесинин катышуусунда ачык деңизде навигациялык окуялар болгон учурда тергөө жана соттук териштирүү боюнча өзгөчө юрисдикция Кыргыз Республикасынын сот органдарына жана деңиз администрациясына алардын ыйгарым укуктарына ылайык таандык болот.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>