Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
194-берене. Камсыздандыруу тобокелдигинин деңгээлинин өзгөрүшү жөнүндө билдирүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 20-глава
1. Камсыздандырылуучу бул ага белгилүү болуп калгандан кийин камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектинде же ага карата болгон кандай болбосун олуттуу өзгөрүү жөнүндө дароо билдирүүгө милдеттүү (эксплуатациялоо районунун өзгөрүшү, рейдде же ачык деңизде борттон бортко кайра жүктөө, ташуу ыкмасынын же жүк түшүрүү портунун өзгөрүшү, кеменин белгиленген же кадимки жолунан четтөөсү, кыштоого токтоосу жана башка өзгөрүүлөр).
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, тобокелдиктин деңгээлин жогорулатуучу өзгөртүүлөр (адамдарды, кемелерди же жүктөрдү куткаруудан келип чыккан учурларды кошпогондо) камсыздандыруучуга мындай өзгөртүүлөр болгон учурдан тартып келишимдин шарттарын кайра карап чыгууга, кошумча камсыздандыруу сый акысын төлөөнү талап кылууга же деңиз камсыздандыруу келишиминин колдонулушун токтотууга укук берет.
3. Эгерде камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга тобокелдик деңгээлинин олуттуу өзгөрүшү жөнүндө кабарлабаса, камсыздандыруу келишимин колдонуу мындай өзгөрүү болгон учурдан тартып токтотулат. Мында камсыздандыруучу келишимди колдонулушун жаңы шарттарда улантууга жазуу жүзүндө макул болууга укуктуу.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-194" title="194-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>