184-берене. Камсыздандыруу суммасы
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 20-глава
1. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу тиешелүү кызыкчылыкты ал камсыздандырган сумманы (камсыздандыруу суммасын) жарыялоого милдеттүү.
2. Кемени, жүктү же башка мүлктү камсыздандырууда камсыздандыруу суммасы деңиз камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурдагы алардын чыныгы наркынан (камсыздандыруу наркынан) ашпоого тийиш. Эгерде камсыздандыруучу камсыздандырылуучу аны атайылап адаштыргандыгын далилдебесе, тараптар деңиз камсыздандыруу келишиминде аныкталган мүлктүн камсыздандыруу наркын талаша албайт.
3. Эгерде жарыяланган камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу объектинин иш жүзүндөгү наркынан төмөн болсо, камсыздандыруучу чыгымдар үчүн камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына карата катышына пропорционалдуу жоопкерчилик тартат.
4. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан ашса, мындай келишим камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркынан ашкан бөлүгүнө карата жараксыз болуп саналат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
184-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-184" title="184-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>