Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
180-берене. Камсыздандыруу тобокелдиги жөнүндө маалымат
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 20-глава
1. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандырылуучу өзүнө алган милдеттенмелеринин негизинде билүүгө тийиш болгон тобокелдиктин даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жагдайлар жөнүндө камсыздандыруучуга бардык маалыматты, ошондой эле камсыздандыруучу сураган башка маалыматтарды билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандырылуучу бул милдеттен жалпыга белгилүү болгон маалыматтарга, ошондой эле камсыздандыруучуга белгилүү болгон же белгилүү болууга тийиш болгон маалыматтарга карата гана бошотулат.
2. Эгерде камсыздандырылуучу зарыл маалыматтарды билдирбесе же туура эмес дайындарды берсе, камсыздандыруучу келишимден баш тартууга укуктуу.
3. Эгерде тобокелдиктин даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ болгон жана камсыздандырылуучу билдирбеген жагдайлар кийин жок болуп кетсе, камсыздандыруучу деңиз камсыздандыруу келишимин аткаруудан баш тартууга укуксуз.
4. Эгерде деңиз камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучу сураган маалыматтар жөнүндө суроолорго камсыздандырылуучунун жооптору жок болсо, камсыздандыруучу мындай маалыматтар ага билдирилбегендигинин негизинде кийин деңиз камсыздандыруу келишимин аткаруудан баш тарта албайт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-180" title="180-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>