Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
176-берене. Деңиз камсыздандыруу келишимин түзүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 20-глава
1. Деңиз камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу шартталган акы (камсыздандыруу сый акысы) үчүн деңиз камсыздандыруу келишиминде каралган, камсыздандыруу объекти дуушар болгон коркунучтардан же кокустуктардан келип чыккан камсыздандыруу учуру пайда болгондо камсыздандырылуучуга же анын пайдасына мындай келишим түзүлгөн башка жакка (пайда табуучуга) келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга милдеттенет.
2. Деңиз объектине жараша деңиз камсыздандыруу келишими камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырууга лицензиясы бар камсыздандыруучулар, же болбосо экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан таанылган эл аралык камсыздандыруу клубдары менен гана түзүлөт.
3. Кемелери Кеме реестринде катталган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган бардык кеме ээлери деңиз камсыздандыруу келишимдерин түзүүгө милдеттүү. Деңиз камсыздандыруу келишиминин жоктугу же деңиз камсыздандыруу келишиминин мөөнөтүнүн өтүп кетиши Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун астында сүзүү укугу жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун автоматтык түрдө токтотот, ал эми 30 күн өткөндөн кийин Кеме реестринен чыгарылат. Кыргыз Республикасынын деңиз администрациясы жоопкерчиликти камсыздандыруунун колдонуудагы сертификаттарынын ачык электрондук реестрин жүргүзөт.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-176" title="176-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>