Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Балык уулоо кемеси түшүнүгү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 2-глава
1. Ушул Кодексте балык уулоо кемеси деп балык же суудагы биологиялык ресурстардын башка деңиз өндүрүшү үчүн пайдаланылуучу кандай болбосун соода кемеси түшүнүлөт.
2. Балык өндүрүшүнүн куралдары балык уулоо кемесинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Балык уулоо кемелерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү:
1) балык уулоо кемелерин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында эксплуатациялоого байланыштуу келип чыккан мамилелер ушул Кодекс, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзам жана ченемдик укуктук актылары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана мамлекеттер аралык макулдашуулар менен жөнгө салынат;
2) эгерде Кодекстин беренесинин ушул бөлүгүндө башкача белгиленбесе, балык уулоо кемелерине карата ушул Кодекстин талаптары колдонулат. Кыргыз Республикасынын Деңиз администрациясы балык уулоону жүзөгө ашыруунун тартибин жөнгө салуучу ченемдик документтерди, ошондой эле эмгек келишимдерин, эмгек акыны жана жумуш убактысын, экипаждардын коопсуздугун, гигиенасын жана бакубатчылыгын, экипажды комплекттөөнү, борттогу деңизчилердин квалификациясын жана кесиптик даярдыгын, тартиптик жана административдик укук бузууларын, балык уулоо кемелерин техникалык күбөлөндүрүүнү жана сертификаттоону, балык уулоо кемелерин курууну, балык уулоо кемелерин эксплуатациялоонун башка аспекттерин жөнгө салуучу ченемдерди иштеп чыгат, ал эми экономика жана коммерция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>