13-берене. Мүлктүк талаш-тартыштарды кароо
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 1-глава
1. Соода үчүн деңизде сүзүү менен байланышкан келишимдерди жана башка жарандык-укуктук мамилелерди ишке ашырууда келип чыгуучу мүлктүк талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунда же "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык бейтарап соттордо (арбитражда) каралат.
2. Кемелерди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу астында пайдаланган жана соода үчүн деңизде сүзүүнү жүзөгө ашырган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар катышуучулары болуп саналган, соода үчүн деңизде сүзүүгө тиешелүү болгон мүлктүк талаш-тартыштар тараптардын макулдугу боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүү менен чет өлкөлүк соттордун кароосуна берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кыргыз Республикасындагы бейтарап арбитраждар жөнүндөЗакон · 30.07.2002 · № 135
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>