123-берене. Талап кылынбаган жүктү сактоого берүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Эгерде жүктү ташуу үчүн кеме бүтүндөй берилбесе жана бара турган портто алуучу жүктү талап кылбаса, аны тескебесе же андан баш тартса, ташуучу бул жөнүндө жөнөтүүчүгө билдирүү менен жүктү кампага же жүктүн сакталышын камсыз кылуучу башка ишенимдүү жерге сактоого тапшырууга укуктуу.
2. Жүктү ташуу үчүн кемени бүтүндөй берүүдө кеме капитаны жүктү түшүрүүнү жана сактоого берүүнү, эгерде бул убакыттын ичинде жөнөтүүчүдөн же фрахттоочудан же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жактан башка буйрук түшпөсө, сталия жана контрсталия убактысы аяктагандан кийин гана жүргүзөт. Жүктү сактоого тапшырууга кеткен убакыт кеменин токтоп туруусу катары каралат.
3. Эгерде кеме портко келген күндөн тартып эки айдын ичинде сактоого тапшырылган жүк талап кылынбаса жана жөнөтүүчү же фрахттоочу, же жүктү тескөөгө укуктуу болгон жак ташуучуга төлөнүүгө тийиш болгон сумманы төлөбөсө, ташуучу жүктү сатууга укуктуу. Талап кылынбаган тез бузулуучу жүк белгиленген мөөнөткө чейин да сатылышы мүмкүн.
4. Портто жүктөрдү алуучулар кабыл алганга чейин аларды сактоонун мөөнөтү жана тартиби, ошондой эле алуучулар талап кылбаган жүктөрдү сатуунун тартиби порт таандык болгон мамлекеттин эрежелери жана мыйзамдары менен аныкталат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
123-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-123" title="123-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>