118-берене. Жүктү берүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Жүк бара турган портто берилет:
1) энчилүү коносамент боюнча - коносаментте көрсөтүлгөн алуучуга же карыз талабын өткөрүп берүү үчүн белгиленген эрежелерди сактоо менен коносамент энчилүү өткөрүп берүү жазуусу боюнча же болбосо башка таризде өткөрүлүп берилген башка жакка;
2) ордердик коносамент боюнча - коносамент кимисинин буйругу боюнча (жөнөтүүчүнүн же алуучунун буйругу боюнча) түзүлгөндүгүнө жараша жөнөтүүчүгө же алуучуга, ал эми коносаментте өткөрүп берүү жазуулары бар болсо - өткөрүп берүү жазууларынын үзгүлтүксүз катарынын акыркысында көрсөтүлгөн жакка же акыркы бланктык жазуусу бар коносаментти көрсөткөн жакка;
3) коносамент боюнча көрсөтүүчүгө - коносаментти көрсөтүүчүгө.
2. Эгерде деңиз коштомо кагазы же башка ушул сыяктуу документ берилген болсо, ташуучу жүктү бул документте көрсөтүлгөн алуучуга гана, же болбосо жөнөтүүчү тарабынан көрсөтүлгөн алуучуга документтин түп нускасын милдеттүү түрдө көрсөтүүсүз бере алат.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
118-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-118" title="118-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>