106-берене. Кеме жүктөөгө даяр экендиги жөнүндө билдирүү
Күчүнө кире элек · 04.08.2026 редакциясы · 13-глава
1. Эгерде жүк чартердин негизинде ташылса, ташуучу кемени келишимде белгиленген мөөнөттө берүүгө милдеттүү. Андай болбогон учурда фрахттоочу келишимден баш тартууга жана чыгымдардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
2. Жүктү чартер боюнча ташууда ташуучу фрахттоочуга же жөнөтүүчүгө, эгерде ал фрахттоочу тарабынан келишимде көрсөтүлсө, кеме жүктөөгө даяр экендиги же белгилүү бир убакытта даяр боло тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү кеме жүктөө портунда же ошол порт үчүн кадимки күтүү жеринде болгондо гана берилиши мүмкүн.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган билдирүү берилүүчү күндү жана саатты тараптар макулдашуу боюнча, ал эми мындай макулдашуу жок болгон учурда - жүктөө портунда кабыл алынган тартипте аныкташат.
4. Эгерде кеме ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган билдирүүдө көрсөтүлгөн убакытка чейин жүктү кабыл алууга даяр эмес болсо, мындай билдирүү берилген жок деп эсептелет жана ташуучу фрахттоочуга ушуга байланыштуу тарткан чыгымдарынын ордун толтурууга милдеттүү.
Берененин тексти 04.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
106-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049561/st-106" title="106-берене - Кыргыз Республикасынын Соода үчүн деңизде сүзүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>