14-берене. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы
Күчүнө кире элек · 28.07.2026 редакциясы
1. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы расмий статистика чөйрөсүндөгү стратегиялык пландоонун документи болуп саналат.
2. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы беш жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) улуттук статистика тутумун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
2) расмий статистиканы өнүктүрүүнүн максаттарын жана күтүлүүчү натыйжаларын;
3) статистикалык ишти өркүндөтүү боюнча негизги чараларды;
4) программаны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ресурстарга болгон керектөөлөрдү.
3. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049344/st-14" title="14-берене - Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>