13-берене. Расмий статистиканы пландоо
Күчүнө кире элек · 28.07.2026 редакциясы
1. Расмий статистиканы пландоо төмөнкүдөй документтердин негизинде жүзөгө ашырылат:
1) Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын;
2) Статистикалык иштердин планынын;
3) Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графигинин.
2. Расмий статистиканы пландоо документтери стратегиялык жана операциялык башкарууну, расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн ишин координациялоону, статистикалык иштердин макулдашылгандыгын камсыз кылат, ошондой эле расмий статистиканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктайт.
3. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасы орто мөөнөттүү мезгилге улуттук статистика тутумун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.
4. Статистикалык иштердин планы статистикалык байкоолордун, изилдөөлөрдүн, статистикалык көрсөткүчтөрдүн, статистикалык продукциянын, маалымат булактарынын тизмегин, расмий статистикалык маалыматтарды берүү жана жайылтуу мөөнөттөрүн, ошондой эле расмий статистиканы жоопкерчиликтүү жүргүзүүчүлөрдү аныктайт.
5. Улуттук статистика комитетинин статистикалык иштеринин графиги Улуттук статистика комитети тарабынан жүзөгө ашырылуучу статистикалык иштерди аткаруунун, расмий статистикалык маалыматты даярдоонун жана жайылтуунун мөөнөттөрүн аныктайт.
6. Расмий статистиканы өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү программасынын жана Статистикалык иштердин планынын долбоорлору Улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыгат жана Статистика боюнча кеңешке кароо жана сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн жиберилет.
7. Улуттук банкына тиешелүү расмий статистиканы пландоо документтеринин пункттары Статистика боюнча кеңешке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн гана берилет.
8. Статистикалык иштердин планына киргизилбеген статистикалык иш-чаралар кошумча каржылоонун булактары болгондо аткарылат.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049344/st-13" title="13-берене - Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>