Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин «Чүй облусунун Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “ Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши” мекемесин мамлекеттик каттоодон жана Жобосун бекитүү жөнүндө» токтому
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2026-жылдын 11-майы № 52
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “ Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши” мекемесин мамлекеттик каттоодон жана Жобосун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 30-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Төмөнкү фирмалык аталышы менен мекеме түзүлсүн;
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы;
- мамлекеттик тилде –Чүй облусунун Аламүдүн районунун Абдыкерим Сыдыков айыл аймагынын “ Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши” мекемеси;
- расмий тилде – Учреждение «Абдыкерим Сыдыков айылный кенеш» айылного аймака Абдыкерим Сыдыков Аламудунского района Чуйской области.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Виноградное айылы, Токтогул көчөсү, №13
2. “Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги; Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Аламүдүн району, Виноградное айылы, Токтогул көчөсү, №13 болуп аныкталсын.
3. Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин жобосу №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин Уюштуруу-укуктук маселелер, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү, турак жай коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиянына жүктөлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
| Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы | | Г. А. Рабиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 17.04.2026 · № 257