Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу № 5-ЧУА
Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык жана спорттук багыттагы объекттерди натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын маданий жана спорттук потенциалын жогорулатуу максатында, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 «Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык токтом кылам:
1. Шаардык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40а дарегинде жайгашкан идентификациялык коду: 1-02-04-0028-0316, аянты 0,0835 га жер участогун Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын контролдоо жана уюштуруу иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
| Бишкек шаарынын мэри | | А.Дж. Джунушалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем…Постановление · 27.03.2025 · № 18
- Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 103 "Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин…Постановление · 30.06.2026 · № 103
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123