Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 „Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июну № 103 Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 “Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши, токтом кылат:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы №18 “Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункта “бир жылдын ичинде” деген сөздөр “эки жылдын ичинде” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.
2026-жылдын 1-июлунда https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6546-103-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2025-zhyldyn-27-martyndagy-18-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-mamlekettik-menchik-obektterin-munitsipaldyk-menchikke-kabyl-aluuga-makulduk-ber-zh-n-nd-chenem-zharatuu-yjgarym-ukuktaryn-bishkek-shaarynyn-meriyasyna-tk-r-p-ber-tuuraluu-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-zh-n-nd.html расмий сайтында жарыяланды
| Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Б.Б. Усеналиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 "Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем…Постановление · 27.03.2025 · № 18
- Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлу № 5-ЧУА "Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 40а дарегинде жайгашкан жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук…Постановление · 20.07.2026 · № 5-НПА
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123