2-берене
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы
«Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 жана 2-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам тараптардын макулдашуусу боюнча инвестициялык, жарандык жана коммерциялык укук мамилелеринен келип чыгуучу, бүтүмдөрдөн, келишимдерден, макулдашуулардан же башка юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлардан пайда болуучу талаш-тартыштар бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилген учурда колдонулат. Ушул Мыйзамдын ченемдери өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын чегинде келип чыгуучу мамилелерге карата «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аталган Мыйзамдан келип чыгуучу актылар менен жөнгө салынбаган жана аларга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230049035/st-2" title="2-берене - Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>