Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин («Борбордук Азиядагы энелердин жана балдардын ден соолугун чыңдоо» аймактык долбоорунун алкагында берилген автотранспортту мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 23-июлу № 553-т
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, ошондой эле мамлекеттин пайдасына өткөрүп берилген мүлктү натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 110-беренесинин биринчи бөлүгүнүн 16-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы «Борбордук Азияда эненин жана баланын ден соолугун жакшыртуу» региондук долбоорун ишке ашырып жаткан Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit, GIZ) GmbH арызынын негизинде белгиленген тартипте төмөнкү мүнөздөмөлөргө ээ болгон автотранспорт каражатын мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы жол-жобосуна жайгаштырсын:
1) маркасы – Toyota Land Cruiser;
2) чыгарылган жылы – 2009;
3) мамлекеттик каттоо номери – Т55021;
4) кузовунун номери (VIN) – JTEBU9FJ205004020;
5) кыймылдаткычынын көлөмү – 3 956 см³;
6) күйүүчү майдын түрү – бензин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын;
2) аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин «Автобаза» мамлекеттик ишканасына бекитсин;
3) автотранспорт каражатынын наркын баалоону жана аны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алууну камсыз кылсын;
4) автотранспорт каражатын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда мамлекеттик каттоону камсыз кылсын;
5) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматтык муктаждыктары үчүн автотранспорт каражатын максаттуу, натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылсын;
6) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Бажылык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 24.04.2019 · № 52