Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 24-июлу № 124 Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122–133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
310-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«310-берене. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыктарды уулоо, жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо
1. Олуттуу зыян келтирүү менен мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыкты уулоо же суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо, анын ичинде урук чачуучу жерлерде же аларга баруучу миграциялык жолдордо жасалса, -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Мыйзамсыз аңчылык кылуу же болбосо балыкты уулоо жана суу жаныбарларын мыйзамсыз олжолоо, ал механикалык транспорт каражатын, өзү жүрүүчү сүзүүчү транспорт каражатын же аба кемесин, жарылуучу же химиялык заттарды, электр тогун, балык уулоочу синтетикалык торлорду, газдарды же канаттууларды, айбанаттарды же балыктарды массалык жок кылуунун башка ыкмаларын колдонуу менен жасалып, ири зыян келтирсе, -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) мамлекеттик коруктун, заказниктин аймагында же экологиялык кырсык зонасында же болбосо өзгөчө экологиялык кырдаалдын зонасында;
2) сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын түрлөрүнө, ошого тете пайдаланууга тыюу салынган жаныбарларга карата;
3) кызматтык абалына байланыштуу жаныбарлар ага ишенип берилген же коргоого берилген адам тарабынан;
4) өзгөчө ири зыян келтирүү менен;
5) этиятсыздыктан оор залал келтирүү менен, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар төмөнкүлөрдү келтирүү менен жасалган деп таанылат:
- олуттуу зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян кылмыш жасалган учурда эсептик көрсөткүчтөн жүз эсе ашса;
- ири зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашса;
- өзгөчө ири зыян (өлчөм), эгерде келтирилген зыян эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашса.».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. «Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 56 (3816) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
| 2026-жылдын 25-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 670-VIII "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 25.06.2026 · № 670-VIII
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127