Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
"Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 290-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221 жана 222-беренелер менен толукталсын:
"221-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификацияны жогорулатуу
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча ар бир субъекттин жооптуу кызматкерлери үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга милдеттүү.
Квалификацияны жогорулатуу республикалык бюджеттин, ошондой эле мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен бул мезгилде эмгек акысын сактоо менен окуу программаларына ылайык жылына бирден кем эмес жолу жүзөгө ашырылат.
2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттер өздөрүнүн окуу жайларында квалификацияны жогорулатуу жана окутуу программаларына гендердик теңчилик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери боюнча милдеттүү түрдө окутуу курсун киргизет.
Бул курс боюнча окутуунун натыйжалары кызматкерлерди кызматы боюнча жогорулатуу, ротациялоо жана сыйлоо жөнүндө маселени кароодо эсепке алынууга тийиш.";
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндөЗакон · 27.04.2017 · № 63
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048932/st-3" title="3-берене - Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>