222-берене. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин кызматкерлерин материалдык эмес шыктандыруу чаралары
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттердин кызматкерлерине кошумча дем берүү максатында материалдык эмес шыктандыруу тутуму колдонулат.
2. Материалдык эмес шыктандыруу тутуму сыйлоонун төмөнкүдөй түрлөрүнөн түзүлөт:
1) ыраазычылык жарыялоо;
2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;
3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;
4) эстелик белеги, төш белгиси менен сыйлоо;
5) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.
3. Кызматчыны сыйлоо чаралары үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча субъекттин жетекчиси тарабынан колдонулат.";
3) 4-главада:
а) 4-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4-глава. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча мониторинг жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулук";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 371 - 373-беренелер менен толукталсын:
"371-берене. Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук Гендердик теңчиликке жетишүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо алардын ишинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен гендердик өзүн өзү баалоону жүргүзүү үчүн индикаторлордун негизинде үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бардык субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
222-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048932/st-222" title="222-берене - Гендердик теңчилик маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>