Кыргыз Республикасынын Президентинин (Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү курулуш, жайгаштыруу, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-июлу № 249
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ыкчам ишке ашырууну камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлүүчү курулуш, абаттоо, оңдоо, реконструкциялоо, санариптештирүү жана жабдуу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү боюнча аткаруучуну аныктоо жөнүндө тиешелүү чечимди белгиленген тартипте даярдасын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 24-июлундагы № 157 тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021