Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ДИН ИШТЕРИ ЖАНА ЭТНОСТОР АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 15-июну № 01-4/722 Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин жобосунун 11-пунктунын 11-пунктчасына ылайык, буйрук кыламын:
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Аравия Падышалыгына зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруунун жана жүзөгө ашыруу тартиби тиркемегее ылайык бекитилсин.
2. Укуктук камсыздоо, диний уюмдарды каттоо жана санариптештирүү башкармалыгы:
- ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы №319 токтомуна ылайык расмий жарыялоо чараларын көрүү;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине копиясын жөнөтүп, Мамлекеттик ченемдик укуктук актылардын реестрине киргизүүнү камсыз кылуу;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын Президенттигинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
3. Кадр иштери жана кагаздарын жүргүзүү сектору ушул буйрукту Улуттук агенттиктин бардык түзүмдүк, бөлүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жеткирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы № 01-4/102 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышы төраганын орун басары А.Ж. Иминовго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 16-июнунда https://religion.gov.kg/ky/post/742 расмий сайтында жарыяланды
| Төрага | Т.Н. Ташибеков |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2026-жылдын 14-августундагы № 01-4/1101 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 14.08.2026 · № 01-4/1101
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 30.07.2025 · № 01-4/102 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор…Порядок · 30.07.2025 · № 01-4/102 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук…Указ · 10.04.2025 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июну № 319 "Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө" токтомуПостановление · 04.06.2025 · № 319
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 30.07.2025 · № 01-4/102 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына (Ажылык жана Умра) зыяратын уюштуруу жана ишке ашыруу тартиби (Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин…Порядок · 15.06.2026 · № 01-4/722
- Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 токтому менен бекитилди)Порядок · 04.06.2025 · № 319