Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 126 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 126
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө
Дин жана этностор аралык мамилелер чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу максатында, аталган багыттардагы маселелерди комплекстүү чечүү боюнча топтолгон оң тажрыйбаны эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп өзгөртүлүп түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги этностор аралык мамилелер чөйрөсүндөгү функцияларын 14 бирдиктеги баштапкы штаттык саны, ошондой эле тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикке өткөрүп берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
5. Бул Жарлыкты ишке ашыруу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн бекитилген штаттык сандын жана тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгынын 3, 4 жана 7-пункттары;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.11.2015 · № 220
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2026-жылдын 15-июнундагы № 01-4/722 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 15.06.2026 · № 01-4/722
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө ЖОБОПоложение · 10.04.2025 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери…Постановление · 10.06.2025 · № 328
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2026-жылдын 14-августундагы № 01-4/1101 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 14.08.2026 · № 01-4/1101
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябры ПЖ № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10 апрелиндеги № 126 “Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 01.10.2025 · № 273
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 330 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 “Кыргыз…Постановление · 10.06.2025 · № 330
- (КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 Жарлыгы менен бекитилген) Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" ЖобосуПоложение · 23.03.2012 · № 71 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" ЖарлыгыУказ · 23.03.2012 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин 2025-жылдын 30-июлу № 01-4/102 "Кыргыз Республикасынын…Приказ · 30.07.2025 · № 01-4/102 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 "Кыргыз Ресиубликасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Ресиубликасынын Дин иштери…Указ · 13.01.2023 · № 6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2015-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 220 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 03.11.2015 · № 220
- КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" ЖарлыгыУказ · 23.03.2012 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 6 "Кыргыз Ресиубликасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Ресиубликасынын Дин иштери…Указ · 13.01.2023 · № 6 · Күчүн жоготкон