Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-июлу № 501
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелерин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин тизмегинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 75-пункт менен толукталсын:
"
| 75 | "Кыргыз Республикасынын парустук спортунун федерациясы" коомдук бирикмеси | 00311199210095 | |
";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин тизмегинде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 75-пункт менен толукталсын:
"
| 75 | "Кыргыз Республикасынын парустук спортунун федерациясы" коомдук бирикмеси | 00311199210095 | |
";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлардын тизмегинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 172-176-пункттар менен толукталсын:
" Begin_nocompare
| 172 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 7,5 метрден ашык эмес (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 21 000 0 |
| 173 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 7,5 метрден ашык, бирок 24 метрден ашык эмес (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 22 000 0 |
| 174 | Парустук кемелер, үйлөтүлүүчү кемелерден тышкары, көмөкчү кыймылдаткычы бар же жок, узундугу 24 метрден ашык (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келүүчү парустук кемелерге карата гана) | 8903 23 000 0 |
| 175 | Парустар | 6306 30 000 0 |
| 176 | Синтетикалык булалардан жасалган аркандар жана тростор | 5607 50 |
End_nocompare ".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кошумча нарк салыгын жана сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлар бериле турган субъекттердин (Кыргыз…Перечень · 22.11.2024 · № 709
- Кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон, спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарларды импорттоочу субъекттердин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Перечень · 22.11.2024 · № 709
- Спортту өнүктүрүү үчүн багытталган товарлардын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 токтому менен бекитилди) тизмегиПеречень · 22.11.2024 · № 709
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 296, 297 жана 364-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 22.11.2024 · № 709