Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери 55-01:2026 «Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоо» бекитүү жөнүндө буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 20-майы № 115-чуа Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдери 55-01:2026 «Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоо» бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында экстремалдык туризм объектилерин коопсуз жана натыйжалуу долбоорлоону, курууну жана эксплуатациялоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары- Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери 55-01:2026 «Экстремалдык туризм объектилерин долбоорлоо» тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Архитектура, контролдоо жана техникалык ченемдөө башкармалыгы:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрүн, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберсин;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин https://egov.kg/ru/ministry/construction/npa сайтында 2026-жылдын 30-майында жарыяланды
| Министр | | Н.К. Орунтаев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрели № 221 "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маселелери…Постановление · 22.04.2025 · № 221
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117