Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (2026-2030-жылдарга B-READY рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча Иш-чаралар планын (жол картасы) бекитүү жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 26-июну № 485-т
Эл аралык рейтингдерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2026–2030-жылдарга Business Ready (B-READY) рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) (мындан ары – Иш-чаралар планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-чаралар планын ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы (макулдашуу боюнча):
1) бул тескемени ишке ашыруу боюнча толук чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтуна берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна берсин.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178