Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
ИздөөПлан
2026–2030-жылдарга Business Ready (B-READY) рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине тиркеме)
План·2026-жылдын 26-июну, № 485-т·Күчүндө·ред.: 2026-жылдын 26-июну·
ред.: 2026-жылдын 26-июнуКүчүндө
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 485-т тескемесине)
2026–2030-жылдарга Business Ready (B-READY) рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чаралар планы (жол картасы)
| № | Иш-чара | Базалык маани (учурдагы көрсөткүч) | Максаттуу индикатор (B-READY деталдаштырылган көрсөткүчтөрү) | Мөөнөт | Жооптуу органдар |
| 1 | Банкроттук жол-жобосун жүргүзүүнүн алкагында кайра уюштуруу жол-жоболорун өркүндөтүүчү «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | Жок | «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы редакциясы кабыл алынды. Карызкорду кайра уюштуруу жол-жоболору өркүндөтүлдү | 2028-ж. | ЭКМ |
| 2 | Сот жана административдик процесстерди оптималдаштыруунун эсебинен банкроттук жол-жоболорунун мөөнөттөрүн кыскартуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу | 3 жылга чейин/ төмөн | Жол-жобонун мөөнөтү 2 жылдан аз убакытты түзөт. Кайтарымдуулук коэффициенти 20 %га өстү | 2029-ж. II кв. | ЖС (макулдашуу боюнча), ЭКМ |
| 3 | Коммерциялык талаш-тартыштарды кароонун процесстик мөөнөттөрүн кыскартуу жана сот өндүрүшүнүн жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү | 400 күндөн ашык | Талаш-тартыштарды кароонун орточо мөөнөтү 300 күндөн аз. Чечим чыгарылганга чейин жүргүзүлгөн жол-жоболордун саны | 2027-ж. II кв. | ЖС (макулдашуу боюнча), СӨП, ИУА |
| 4 | Талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүүнүн механизмдерин (медиация, арбитраж) киргизүү жана өнүктүрүү, анын ичинде аларды санариптештирүү | 5 %дан аз | Талаш-тартыштарды альтернативдүү чечүү (ADR) аркылуу чечилүүчү иштердин үлүшү 20 %дан ашыкты түзөт. Электрондук сот өндүрүшүнүн системалары киргизилди | 2027-ж. III кв. | ЖС (макулдашуу боюнча), СӨП (макулдашуу боюнча), ИУА |
| 5 | Өтүнмө ээсинин минималдуу катышуусу менен бизнести толук онлайн каттоону ишке ашыруу | 2–3 күнгө чейин/ жарым-жартылай онлайн | Кызмат 1 күндө көрсөтүлөт. Каттоолордун 90 %ы онлайн жүргүзүлөт. Каттоо мөөнөтү 3 күндөн аз. Жол-жоболордун саны кыскартылды (бирдик) | 2027-ж. IV кв. | ЮМ, МСК КРПИБ/ «Түндүк» ААК, ИУА |
| 6 | «Бирдиктүү терезе» принциби боюнча бизнести каттоону автоматташтыруу үчүн мамлекеттик реестрлерди интеграциялоо | Жок | Бирдиктүү санариптик интерфейстин болушу. Автоматташтырылган каттоолордун үлүшү 50 %дан ашыкты түзөт | 2028-ж. I кв. | КРПИБ/ «Түндүк» ААК, ЮМ, МСК, ИУА |
| 7 | Бизнести коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кошуунун мөөнөттөрүн, жол-жоболорун жана наркын кыскартуу | 60 күндөн ашык | Кошуу мөөнөтү 30 күндөн аз убакытты түзөт. Жол-жоболордун саны кыскартылды (бирдик). Кошуунун наркы калктын жан башына кирешенин 30 %ынан аз | 2028-ж. I кв. | ЭМ, Курулуш министрлиги, КРПИБ/ «Түндүк» ААК, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| 8 | Өтүнмөлөрдү берүү жана статуска онлайн байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кошуу процессин санариптештирүү | 30 %дан аз | Онлайн-өтүнмөлөрдүн үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт. Статуска байкоо жүргүзүү системасынын болушу | 2027-ж. IV кв. | ЭМ, Курулуш министрлиги, КРПИБ/ «Түндүк» ААК, КРП облустардагы ЫУӨ, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) |
| 9 | Тышкы экономикалык иш үчүн «Бирдиктүү терезе» пилоттук системасын киргизүү | Жарым-жартылай | «Бирдиктүү терезе» системасынын болушу. Электрондук декларациялардын үлүшү 70 %дан ашат | 2027-ж. II кв. | ЭКМ, МБК, МСК, ИУА |
| 10 | Жөнгө салуунун заманбап инструменттерин киргизүү менен монополияга каршы мыйзамдарды актуалдаштыруу | Чектелүү | Монополияга каршы контролдоо инструменттеринин болушу | 2027-ж. II кв. | ЭКМ, МКЖСК |
| 11 | Убакытты жана документ жүгүртүүнү кыскартуу менен экспорттун жана импорттун жол-жоболорун толук санариптештирүү | Жогорку | Экспортту/импортту тариздөөнүн орточо убактысы (30 % убакытка чейин кыскартылды). Талап кылынган документтердин саны кыскартылды (бирдик) | 2029-ж. | МБК, МСК, ЭКМ |
| 12 | Атаандаштык чөйрөсүндө укук колдонуу практикасын күчөтүү | Төмөн | Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн саны (бирдик). Аныкталган бузуулардын үлүшү 30 %дан ашыкты түзөт | 2028-ж. IV кв. | ЭКМ, МКЖСК |
| 13 | Салыктардын жана отчеттук формалардын санын кыскартуу жолу менен административдик жүктөмдү азайтуу | Жогорку | Салыктардын саны кыскартылды (бирдик). Милдеттүү отчеттордун саны 20 %га кыскартылды | 2028-ж. | ЭКМ, МСК |
| 14 | Электрондук салык отчеттуулугун колдонууну кеңейтүү жана салыктык башкарууну автоматташтыруу | 70 %дан аз | Отчеттуулукту электрондук түрдө тапшыруунун үлүшү 95 %ды түзөт. Салыктык отчеттуулукту даярдоо убакытысы 30 %га кыскартылды | 2027-ж. IV кв. | МСК |
| 15 | Курулуш жана бизнести жайгаштыруу чөйрөсүндө уруксат берүү жол-жоболорунун санын кыскартуу | Татаал | Уруксат берүү жол-жоболорунун саны 30 %га кыскартылды | 2028-ж. I кв. | ЭМ, Курулуш министрлиги |
| 16 | Курулуштагы уруксат берүү жол-жоболорун электрондук форматка өткөрүү | Төмөн | Онлайн берилүүчү уруксаттардын үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт. Уруксаттарды алуу мөөнөтү 30 %га кыскартылды | 2029-ж. I кв. | Курулуш министрлиги, КРПИБ/ «Түндүк» ААК |
| 17 | ЧОИ субъекттеринин каржылоого жетүүсүн кеңейтүү, анын ичинде кепилдик механизмдерди киргизүү | Чектелүү | Кредиттерге жеткиликтүүлүгү бар ЧОИ үлүшү 20 %дан ашык өстү. Кредиттик кепилдиктер системасынын болушу | 2030-ж. II кв. | ФМ, ЭКМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) |
| 18 | Санариптик финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жана финтех-чечимдерди өнүктүрүү | Төмөн | Онлайн таризделген кредиттердин үлүшү 50 %дан ашыкты түзөт. Финтех-инструменттердин болушу | 2029-ж. | КРУБ (макулдашуу боюнча), ЭКМ, Финкөзөмөл, ИУА |
| 19 | Электрондук эмгек келишимдерин киргизүү жана аларды санариптик системада каттоо | Төмөн | Электрондук эмгек келишимдеринин үлүшү 70 %дан ашык өстү. Эмгек келишимин каттоо мөөнөтү бир күндөн аз убакытты түзөт | 2028-ж. IV кв. | ЭСКММ |
| 20 | Ведомстволор аралык маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик маалымат системаларын интеграциялоо | Жарым-жартылай | Ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасынын болушу. Интеграцияланган маалыматтык системалардын үлүшү 80 %дан ашыкты түзөт | 2029-ж. I кв. | КРПИБ/ «Түндүк» ААК |
| 21 | Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында B-READY рейтингдик агенттик менен кызматташуу жана B-READY рейтингдик агенттиктин суроо-талаптары боюнча тиешелүү маалыматтарды өз убагында, ыкчам берүү | – | B-READY рейтингдик агенттик менен кызматташтык түзүлдү. B-READY рейтингдик агенттиктин суроо-талаптары боюнча маалыматтарды өз убагында берүү камсыздалды | Туруктуу негизде | ЭКМ |
| 22 | B-READY методологиясы боюнча жетишилген натыйжаларды жыл сайын комплекстүү баалоо жүргүзүү | – | Кыргыз Республикасынын B-READY индекси боюнча позициясын жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо жүргүзүлдү жана маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилди | 2030-ж. | СДУИ |
Кыскартуулардын тизмеси
| B-READY | – | Business Ready |
| ЖС | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку сот |
| МСК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
| МБК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
| Курулуш министрлиги | – | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги |
| ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги |
| ЭМ | – | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги |
| ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика и коммерция министрлиги |
| ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги |
| ЮМ | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
| ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик |
| КРУБ | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
| СДУИ | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту |
| КРП облустардагы ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
| МКЖСК | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы |
| СӨП | – | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы |
| КРПИБ/«Түндүк» ААК | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы/«Түндүк» ачык акционердик коому |
| Финкөзөмөл | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
ыкчам баскычтар:J / Kкийинки / мурунку берене[ / ]редакция артка / алдыгаTмазмунуCбайланыштар⌘K / Ctrl Kбуйруктар палитрасы/издөөгө фокус
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөЗакон · 15.10.1997 · № 74
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 485-т (2026-2030-жылдарга B-READY рейтингинде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча…Распоряжение · 26.06.2026 · № 485-т