Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы бассейнди реконструкциялоо, ошондой эле анын аймагында жайгашкан объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана оңдоо тууралуу) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 3-июну № 395-т Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 22-майындагы № 189 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаары, Т.Молдо көчөсү, 40 дарегинде жайгашкан Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосундагы бассейнди реконструкциялоо, ошондой эле анын аймагында жайгашкан объекттерди долбоорлоо, реконструкциялоо жана оңдоо боюнча төмөнкүлөр аныкталсын:
1) Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы заказчы катары чыгат;
2) "Лидер Хаус" курулуш компаниясы" жоопкерчилиги чектелген коому башкы берүүчү (подрядчы) болуп чыгат.
2. Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу процесстерин координациялоо, ошондой эле аларды өз убагында жана сапаттуу ишке ашырууну камсыз кылуу жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэриясына ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттерди долбоорлоо жана куруу менен байланышкан зарыл болгон жол-жоболорду өз убагында жүргүзүүгө, анын ичинде уруксат берүүчү документтерди берүүгө, мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө, курулуп жаткан объекттердин реестрине киргизүүгө жана бүткөн объекттерди эксплуатациялоого кабыл алууга көмөк көрсөтсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме эки жыл бою колдонулат.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.