Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2026-жылдын 25-июну № 691-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. «Ишеним» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин курамына киргизилсин.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – «Ишеним» депутаттык тобунан;»;
б) 5-пунктчанын он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Рысбаев Равшанбек Рысбаевич Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «Рысбаев Равшанбек Рысбаевич – «Ишеним» депутаттык тобунан;».
5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2026-жылдын 6-июлунда https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8072 расмий сайтында жарыяланды
| Төрага | М.А. Маматалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо…Постановление · 18.12.2025 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 16.11.2022 · № 106
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "2025-жылдын 18-декабры № 15-VIII Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.12.2025 · № 15-VIII