Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 26-июну № 439
Жалпы билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасында жалпы билим берүү деңгээлинде окуу жылынын оптималдуу узактыгын белгилөө жана окуу жүктөмүн рационалдуу бөлүштүрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 519 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө типтүү жободо:
- 16-пунктта:
үчүнчү абзацта «Мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарында» деген сөздөр «Жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацта «6–9», «10–11» деген сөздөр тиешелүү түрдө «7–9», «10–12» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пунктта:
экинчи абзацта «Мектептик билим берүүнүн бардык баскычтарына» деген сөздөр «Жалпы билим берүүнүн бардык деңгээлдерине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктта «мектептеги билим берүүнүн II баскычына» деген сөздөр «жалпы билим берүүнүн II деңгээлине» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 36-пунктта:
биринчи абзацта «мектептик билим берүүнүн төмөнкүдөй үч баскычындагы» деген сөздөр «жалпы билим берүүнүн төмөнкүдөй үч деңгээлиндеги» деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацта «4 жыл» деген сөздөр «6 жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын; үчүнчү абзацта «5 жыл» деген сөздөр «3 жыл» деген сөздөргө алмаштырылсын; төртүнчү абзацта «2» деген цифра «3» деген цифрага алмаштырылсын;
- 47-пункттун үчүнчү абзацы «беш күндүк» деген сөздөрдөн кийин «жана/же алты күндүк» деген сөздөр менен толукталсын;
- 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«48. Жалпы билим берүү уюмдарында окуу жылы сентябрда башталат. Жалпы билим берүүнүн I-II-III деңгээлдеринде окуу жылынын узактыгы мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациянын мезгилин эсепке албаганда 34 жумадан кем эмес, биринчи класста 32 жуманы жана экинчи класста 33 жуманы түзөт. Окуу жылындагы каникулдардын узактыгы 30 календардык күндөн кем эмес, жайында – 14 календардык жумадан кем эмес убакытты түзөт. Биринчи класстагы билим алуучулар үчүн окуу жылынын ичинде кошумча эки жумалык каникул, экинчи класста – кошумча бир жумалык каникул белгиленет. Жалпы билим берүү уюмунун биринчи жана экинчи класстарында сабактын узактыгы 40 мүнөттү, үчүнчү класстан он экинчи класска чейин – 45 мүнөттү түзөт.»;
- 51-пункттун 1, 7-пунктчаларында, 57-пункттун 2-пунктчасында «мектептик» деген сөз «жалпы» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 64-пункттун экинчи абзацында ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү «баскыч» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «деңгээл» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартында: 19-пункт «беш күндүк» деген сөздөрдөн кийин «жана/же алты күндүк» деген сөздөр менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 48 (3808) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБОТиповое положение · 27.08.2024 · № 519
- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 131 токтомуна)Стандарт · 14.03.2025 · № 131
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-марты № 131 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.03.2025 · № 131
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августунун № 519 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 27.08.2024 · № 519