Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
4-берене
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы
«Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-берененин 2-бөлүгүндө «өнүктүрүү» деген сөз «камсыздоо» деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 17-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17-берене. Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоо, төлөө жана төлөөнү кечиктирүү үчүн жоопкерчилик
Мамлекеттик жөлөкпулдарды туура эмес дайындоого жана төлөөгө күнөөлүү кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына же жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Жөлөкпулдарды төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирген эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды алуучуларга инфляциянын расмий белгиленген деңгээлин эске алуу менен төлөп берет, ошондой эле мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумдун ордун толтурат. Ушул беренеде көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасын бул чектөө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жөлөкпулдарды төлөөнүн мөөнөтү өткөн күндөн тартып алуучу карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Алуучу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул беренеде көрсөтүлгөн туум иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. Жөлөкпулдарды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.».
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 163
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048140/st-4" title="4-берене - Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>