Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-статья
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы
төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«27-статья. Пенсияларды төлөө
1. Өткөн ай үчүн пенсиялар пенсионерлердин каалоосу боюнча алардын банктык же башка кредиттик уюмдардагы эсептерине чегерүү же болбосо почта кызматынын уюмдары же Социалдык фонддун бөлүмдөрү тарабынан жашаган жерге жеткирүү жолу менен төлөнөт.
2. Пенсияны төлөөнү беш күндөн ашык кечиктирүү мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөнбөгөн сумманын 0,15 пайызы өлчөмүндө туумду кошуп эсептөөгө алып келет.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн туумдардын жалпы суммасы карыздын негизги суммасынын 200 пайызынан ашпашы керек. Туумдардын эң жогорку суммасына бул чектөө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдары тарабынан пенсияларды төлөөнүн мөөнөтү өткөрүлгөн күндөн тартып пенсионер карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгон күнгө чейинки мезгилге карата гана колдонулат. Пенсионер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу органдарына карыздын мөөнөтү өткөн суммасын төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндө талап койгондон кийин туумдардын эң жогорку суммасына чектөө колдонулбайт жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн туумдар иш жүзүндө эсептешүү күнүнө чейин кошуп эсептелет. Ушул статья пенсия төлөөнүн белгиленген мөөнөтү бузулган учурда колдонулат.
3. Пенсияны төлөө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүргүзүлөт.
Пенсияларды өз убагында төлөбөө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке алып келет.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн жоболору ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) келип чыкканда колдонулбайт.».
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048140/st-27" title="27-статья - Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>