2-берене
Күчүндө · 23.06.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2025-жылдын 28-январы, № 6) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 68-пункт менен толукталсын:
«68) башка социалдык төлөмдөр - менчигинин жана чарба жүргүзүүнүн формасына карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан калкты материалдык (акчалай) камсыз кылуунун эмгек мыйзамдарында белгиленген, формалары, аларга эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтуруу, компенсациялар жана бир жолку жөлөкпулдар кирет.»;
2) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунда «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр «Президентинин» деген сөзгө алмаштырылсын;
3) 108-беренеде:
а) 1-бөлүк «бирок» деген сөздөн кийин «учурдагы календардык жылда» деген сөздөр менен толукталсын;
б) мамлекеттик тилдеги берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«2. Белгиленген убакыт ченеминен ашык айкалыштырып иштөө иштелген убакытка же аткарылган жумушка жараша төлөнөт.»;
в) расмий тилдеги берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Работа по совместительству сверх установленной нормы времени оплачивается в зависимости от проработанного времени или выработки.»;
4) 243-берененин 3-бөлүгүндө «Кыргыз Республикасынын эмгек акыны өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык» деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 23.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230048140/st-2" title="2-берене - Эмгек, социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>