Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
| 2-тиркеме | |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 448 токтому менен бекитилди) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы
Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму (мындан ары – Консорциум) Финансылык колдоо инструменттери «ЧОИ-хаб» жана «Бизнес Түндүк» улуттук сервистик платформасы Жөнгө салуу чөйрөсү жана ишкерлердин укуктарын коргоо системасы Кластердик мамиле: региондордун экономикалык потенциалын теңдөө Жаңы типтеги ишкерлердин санариптик жана башкаруучулук көндүмдөрү
| № | Милдеттер | Чаралар/Иш- аракеттер | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү натыйжалар (продукт) | Жооптуу аткаруучулар | Каржылоо булактары |
| Кыргыз Республикасынын ЧОИ субъекттерин колдоо институттарынын консорциуму (мындан ары – Консорциум) | ||||||
| 1 | Консорциумдун толук иштеши үчүн институттук жана укуктук негизди түзүү | Функциялары, милдеттери жана ресурстарды бириктирүү механизмдери менен Консорциумду түзүү жөнүндө макулдашууну, жөнгө салуучу даярдыкты, ресурстарды тоскоолдуксуз консолидациялоого мүмкүндүк берүүчү ички актыларды талдоонун негизинде Консорциумдун ишинин регламентин иштеп чыгуу жана кол коюу | 2026-жылдын 20-октябры | Кол коюлган көп тараптуу келишим | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 2 | Мамлекеттик түзүмдөрдүн жана банктардын өкүлдөрүнөн, Консорциумдун катышуучуларынан турган башкаруу кеңешин жана эксперттик топторду түзүү | 2026-жылдын 20-ноябры | Башкаруу органдары жөнүндө бекитилген жобо | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 3 | Консорциумдун финансылык максаттуу моделин түзүү. Каржылоо үчүн артыкчылыктуу багыттар боюнча ресурстарды бириктирүү жана катышуу үлүштөрүн бөлүштүрүү тартибин иштеп чыгуу | 2026-жылдын 20-декабры | Бекитилген финансылык стратегия жана бюджет | ЭКМ, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 4 | Консорциумдун ишинин натыйжалуулугунун жана баалоонун KPI жана ачык-айкын отчеттуулук системасы менен мамлекеттик органдар жана институттар жүргүзгөн натыйжаларга ишкерлердин «ишеним индикаторун» түзүү | 2027-жылдын 1-февралы | Тартылган каржылоонун көлөмү, ишке ашырылган долбоорлордун саны, макулдашуулардан өтүү ылдамдыгы сыяктуу ийгиликтин көрсөткүчтөрү белгиленди | ЭКМ, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 5 | Маалыматтык системаны ишке киргизүү. Электрондук документ жүгүртүү үчүн платформаны, бизнестин катышуу жана катышуучулардын биргелешкен долбоорлоруна мониторинг жүргүзүү механизмин киргизүү | 2027-жылдын 31-майы | Учурдагы форматка салыштырмалуу биргелешкен демилгелерди макулдашуу убактысын 30–50 %га кыскартуу | ЭКМ, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| Финансылык колдоо инструменттери | ||||||
| 6 | Каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу | Улуттук валютада узак мөөнөттүү кредит берүү үчүн ЧОИни өнүктүрүүнүн сомдук фондун түзүү | 2027-жылдын 30-апрели | Улуттук валютада жылдык 8–10 %дан жогору эмес ставка менен 7–10 жылга чейинки мөөнөткө узак мөөнөттүү кредит берүүнү камсыз кылган ЧОИни өнүктүрүүнүн сомдук фонду түзүлдү; каржылоонун жылдык көлөмү – 3–5 млрд сомдон кем эмес; артыкчылыктуу секторлордо 500дөн кем эмес ЧОИ долбоору колдоого алынды; региондордон зайымчылардын үлүшү – 50 %дан кем эмес | ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 7 | ЧОИ субъекттеринин каржылоого жетүүсүнө тоскоолдуктарды түзүүчү факторлорду аныктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына талдоо жүргүзүү | 2027-жылдын 30-декабры | Талдоонун натыйжалары боюнча зарыл болгон учурда ФКУну жөнгө салууну либералдаштыруу тенденцияларын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалды | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 8 | Программаларды бекитүүнүн жана каржылоонун, катышуучуларды тандоонун, зайымдык каражаттарды берүүнүн, пайыздык ставкаларды субсидиялоонун, ошондой эле программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун бирдиктүү механизмдерин белгилөөчү ЧОИ субъекттерине кредит берүү программаларын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону иштеп чыгуу | 2028-жылдын 30-майы | ЧОИ субъекттерине кредит берүү программаларын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди | ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 9 | ЧОИни өнүктүрүүнүн сомдук фонду аркылуу ФКУ жана ЧОИ зайымчылары үчүн валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө механизмин түзүү | 2028-жылдын 30-марты | Валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө механизми түзүлдү; ФКУ жана зайымчылардын валюталык өзгөрүлмөлүүлүккө аялуулугу төмөндөдү; экспортко багытталган ЧОИнин 30 %дан кем эмеси хеджирлөө инструменттерин колдонууда | ЭКМ, КРУБ (макулдашуу боюнча), ФМ, Консорциум, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 10 | Пайыздык ставкаларды субсидиялоо аукциондорунун механизмин ишке киргизүү | 2029-жылдын 1-марты | Ставкаларды субсидиялоо аукциондорунун механизми ишке киргизилди: субсидиялар конкурстук негизде «эң төмөнкү ставка» принциби боюнча бөлүштүрүлүүдө; ЧОИ үчүн орточо натыйжалуу ставка жылдык 8 – 10 %га чейин төмөндөтүлдү; жыл сайын 300 – 400дөн кем эмес долбоор колдоого алынууда; субсидияланган портфелдин жалпы көлөмү – жылына 2 млрд сомдон жогору; региондордон алуучулардын үлүшү – 50 %дан кем эмес; ачык-айкындуулукту жана контролду камсыз кылган аукциондордун катышуучуларынын жана жыйынтыктарынын ачык-айкын реестри түзүлдү | ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 11 | «ЧОИ-хаб» менен интеграцияланган каржылоонун жана кредиттерге кепилдик берүүнүн бирдиктүү улуттук системасын киргизүү | 2029-жылдын 30-августу | Санариптик платформа аркылуу «бирдиктүү терезе» режиминде каржылоо жана кепилдиктер берилди; КФнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоонун суммасынын 50 %на чейин кепилдик камсыздоо жана тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө мамлекет катышкан учурда 90 %га чейин камсыздоо; жыл сайын 1 000ден кем эмес зайымчыга колдоо көрсөтүлөт; алуучулардын ичинен региондук ЧОИ үлүшү 60 %дан кем эмес; өтүнмөлөрдү кароонун орточо мөөнөтү – 10 жумуш күнгө чейин; камсыздоонун жетишсиздигине байланыштуу баш тартуулардын деңгээлин 30 %дан кем эмес төмөндөтүү | ЭКМ, ФМ, КФ (макулдашуу боюнча), ФКУ (макулдашуу боюнча) Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 12 | Түшүндүрүү өнөктүктөрүн жүргүзүү менен ЧОИ үчүн факторинг жана лизинг инструменттерин киргизүү жана кеңейтүү | 2027-жылдын 30-ноябры | ЧОИ үчүн факторинг жана лизинг программалары ишке киргизилди жана кеңейтилди; каржыланган бүтүмдөрдүн ар жылдык көлөмү – 3 млрд сомдон кем эмес; 500дөн кем эмес ишкана инструменттерге жеткиликтүү болду, анын ичинде стартаптар жана региондук ЧОИ; факторингдин катышуучуларында каражаттарды жүгүртүүнүн орточо мөөнөтү 20 – 30 %га кыскарды; түшүндүрүү өнөктүктөрү – жылына 20дан кем эмес сессия/вебинар өткөрүлдү, камтуу – 5 000ден кем эмес ишкер | ЭКМ, ФМ, КФ, (макулдашуу боюнча), Консорциум, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 13 | «Венчурдук каржылоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2027-жылдын 30-январы | Венчурдук фонддордун укуктук статусун жана ишинин формаларын, башкаруу жана каражаттарды тартуу механизмдерин (анын ичинде башкаруучу менен инвесторлордун ортосундагы мамилелерди), инвестицияларды коргоо, долбоорлорго кирүү жана чыгуу эрежелерин, инвесторлор жана стартаптар үчүн максаттуу жана салыктык стимулдарды аныктоочу так ченемдер колдонууга киргизилди | УИА, ЭКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 14 | 1:1 кошо инвестициялоо механизми менен мамлекеттик-жеке венчурдук фондду түзүү | 2030-жылдын 30-июну | Венчурдук фонд түзүлдү; жеке капитал тартылды; 30дан кем эмес стартап каржыланды | ЭКМ, ФМ, Консцор-циум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 15 | «Краудфандинг жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иштеп чыгуу жана кабыл алуу | 2028-жылдын 30-октябры | Краудфандинг платформаларынын жана процесстин бардык катышуучуларынын укуктук статусун аныктоочу так ченемдер колдонууга киргизилди, алардын ишине карата талаптар белгиленди, инвесторлордун укуктарын коргоо камсыз кылынды, каражаттарды тартуунун ар кандай моделдери үчүн эрежелер аныкталды (кайрымдуулуктар-дын, сыйлыктардын, үлүштүк катышуунун, зайымдардын негизинде) | УИА, ЭКМ, Консорциум, КРУБ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 16 | ЧОИ үчүн контракттык жана кампалык каржылоо механизмин өркүндөтүү | 2028-жылдын 30-апрели | 50дөн кем эмес ЧОИге инструмент жеткиликтүү болду; капиталдын жүгүртүлүшү 20 %га тездетилди | ЭКМ, САЧКӨМ, Консорциум, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 17 | ЧОИ субъекттери үчүн экспорттук тобокелдиктерди камсыздандыруу механизмин түзүү | 2029-жылдын 30-августу | Экспорттук тобокелдиктерди камсыздандыруу-нун улуттук механизми түзүлдү; 200дөн кем эмес экспорттук контракт камсыздандырылды; экспортерлордун жоготуулары кыскарды | ЭКМ, МКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 18 | ЧОИнин верификацияланган жашыл долбоорлорунун реестрин түзүү жана жүргүзүү | 2028-жылдын 30-ноябры | Жашыл долбоорлордун реестри түзүлдү; 200дөн кем эмес долбоор киргизилди; жашыл каржылоого жеткиликтүүлүк жөнөкөйлөштүрүл-дү | ЭКМ, КФ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 19 | ЧОИ кредиттери, анын ичинде жашыл каржылоо, аялдар, жаштар жана социалдык ишкердик үчүн каржылоо инструменттери жана кепилдиктер кеңейтилди | 2029-жылдын 30-августу | Каржылоо жана кепилдик камсыздоо ЧОБ субъекттери үчүн кредиттин суммасынын 50 %ына чейин жогорулады; жыл сайын 2 млрд сомдон ашык суммага 500дөн кем эмес кепилдик берилет; күрөөнүн жоктугунан баш тартуу 30 – 40 %га кыскарды; берүү мөөнөтү – 10 жумуш күнгө чейин | ЭКМ, ФМ, ЭСКММ, ФКУ (макулдашуу боюнча), КФ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 20 | Кызмат көрсөтүүлөргө (билим берүү, финансылык, маркетингдик, юридикалык жана бизнести өнүктүрүү үчүн зарыл болгон башка) чыгымдарды жабуу үчүн аялдар, социалдык жана жаштар ишкердиги үчүн «Социалдык ваучер» системасын киргизүү (50 миңден 150 миң сомго чейин) | 2028-жылдын 30-июну | Ваучерлерди берүү тартиби жана критерийлери бекитилген. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана ишкердик (аялдар, жаштар, социалдык) боюнча берилген ваучерлердин саны. Колдонулган ваучерлердин үлүшү | ММЖСМ, ЭСКММ, ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 21 | Дизайн, брендинг, таңгактоо, контент түзүү кызмат көрсөтүүлөрүнө чыгымдарды жабуу үчүн креативдүү индустриялар үчүн «Креативдүү ваучер» системасын киргизүү (50 миң сомдон 150 миң сомго чейин) | 2028-жылдын 30-июну | Ваучерлерди берүү тартиби жана критерийлери бекитилген. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү боюнча берилген ваучерлердин саны. Колдонулган ваучерлердин үлүшү | ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 22 | Социалдык таасирди жана калктын аялуу топторунун иш менен камсыз болушун камсыз кылган субъекттер үчүн жеңилдетилген каржылоону, кепилдик колдоону, консультациялык коштоону жана мамлекеттик колдоо чараларына артыкчылыктуу жеткиликтүүлүктү караган социалдык ишкердикти колдоонун өзүнчө механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2028-жылдын 30-сентябры | Социалдык ишкердиктин субъекттерин тандоонун жана колдоо чараларын көрсөтүүнүн тартиби жана критерийлери бекитилди. Каржылоону, кепилдиктерди жана консультациялык коштоону камтыган колдоо чараларынын пакети ишке киргизилди. 300дөн кем эмес социалдык ишкердик субъекттери колдоо алды | ЭКМ, ЭСКММ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 23 | «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө» жана «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2028-жылдын 31-августу | Тобокелдиктерди бөлүштүрүүгө мамлекет катышкан учурда кредиттин суммасынын 50 % жогору кепилдик камсыздоонун үлүшүн көбөйтүү бөлүгүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, КФ (макулдашуу боюнча), КРУБ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 24 | Гибриддик каржылоо инструменттерин киргизүү | Документтердин топтому менен Консорциумдун катышуучуларынын ортосунда тобокелдиктерди бөлүштүрүү аркылуу ЧОИнин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн баарын камтыган кепилчилик механизмин киргизүү: – банктар менен Консорциумдун ортосунда кредиттик тобокелдиктерди бөлүштүрүү методикасын бекитүү (мисалы, 50/50); – кепилчиликтерди камсыз кылуу үчүн каражаттардын (фонддун) максаттуу көлөмүнүн резервин түзүү; – өнөктөш банк тарабынан кредит жактырылган учурда кепилчиликти автоматтык түрдө ырастоону жөндөө | 2028-жылдын 30-июну | «Баарын камтыган» механизмди колдонуу менен алгачкы 50 кредиттик келишим түзүлдү. ЧОИ портфелиндеги күрөөсүз кредиттердин үлүшү 30 %га жогорулады | ЭКМ, ФМ, ФКУ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 25 | Документтердин топтомун кабыл алуу менен ири заказчылардын жеткирүү чынжырынын алкагында ЧОИ-берүүчүлөрүнүн ликвиддүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жеңилдетилген факторингдин жана лизингдин интеграцияланган системасын киргизүү: – факторингдик компанияларды жана лизингдик компанияларды аккредитациялоо механизми; – дебитордук карыздарды автоматтык түрдө ырастоо үчүн ГИС жана сатып алуулар менен синхрондоштуруу; – Консорциумдун каражаттарынын эсебинен рыноктук жана жеңилдетилген ставканын ортосундагы айырманы компенсациялоо тартибинин субсидиялык модели | 2028-жылдын 30-январы | Жүгүртүү капиталы, ЧОИ-берүүчүлөрүнүн кассалык ажырымдарын кыскартуу (товар жөнөтүлгөн күнү акча алуу). Жабдуунун жеткиликтүүлүгү, Консорциумдун кепилчилиги аркылуу лизинг боюнча аванстык төлөмдү 0 %га чейин төмөндөтүү. Ачыктык, аткарылган контракттардын окуяларынын негизинде ишенимдүү берүүчүнүн «санариптик профилин» түзүү | ЭКМ, ФМ, ФКУ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 26 | Купондук кирешени субсидиялоо жана төмөнкү этаптар каралган листингге чыгымдарды компенсациялоо механизмдери аркылуу ЧОИ субъекттеринин капитал рынокторуна чыгуусун колдоо системасын түзүү: – өнүктүрүү институттары менен биргеликте өсүү сектору (биржа) үчүн ЧОИ субъекттерин тандоонун бирдиктүү стандартын иштеп чыгуу; – аудитке, рейтингин түзүүгө жана чыгарууну уюштуруучунун кызмат көрсөтүүлөрүнө кеткен чыгымдарды бир жолку компенсациялоо үчүн фонд түзүү; – облигациялар боюнча купондорду төлөөгө кеткен чыгымдардын бир бөлүгүнүн квартал сайын ордун толтуруу тартибин иштеп чыгуу; – Консорциумдун ичинде ЧОИнин ар бир чыгарылышын 15 – 20 %га чейин сатып алуу үчүн ликвиддүүлүк пулун түзүү | 2029-жылдын 30-марты | Жеке инвесторлордун акчасына жетүү аркылуу ЧОИнин банктык кредиттерге болгон көз карандылыгын азайтуу. ЧОИ эмитенттеринин ачык-айкын кредиттик таржымалын жана брендин түзүү аркылуу ачыктыгы. Узак акча, кредиттик карызды ай сайын төлөө зарылдыгысыз 3 – 5 жылдык мөөнөткө инвестицияларды алуу | ЭКМ, ФМ, ФКУ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| «ЧОИ-хаб» жана «Бизнес Түндүк» улуттук сервистик платформасы | ||||||
| 27 | «ЧОИ-хаб» улуттук санариптик платформасын түзүү жана ишке киргизүү | «ЧОИ-хаб» платформасынын архитектурасын иштеп чыгуу жана мыйзамдуу түрдө бекитүү | 2027-жылдын 1-ноябры | Платформанын техникалык тапшырмасы жана архитектурасы бекитилди. ЧОИ субъекттери үчүн санариптик платформа жөнүндө алкактык мыйзам кабыл алынды | ЭКМ, КРП ИБ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 28 | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн техникалык стандарттарды жана API иштеп чыгуу | 2028-жылдын 31-майы | Техникалык стандарттар жана API иштелип чыкты | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 29 | «ЧОИ-хаб» платформасында өтүнмөлөрдү автоматтык түрдө толтуруу үчүн маалыматтарды топтогон «ЧОИ санариптик профили» модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2029-жылдын 30-апрели | «ЧОИ санариптик профили» модулу иштелип чыгып, сыноодон өтүүдө | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 30 | Финансылык модулду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: субсидияга өтүнмөлөр, кепилдиктер, жеңилдетилген кредиттер, социалдык контракт, «санариптик ваучер»; маалыматтарды автоматтык түрдө текшерүү; банктар жана фонддор менен интеграциялоо, скоринг моделдерин колдонуу; краудфандинг жана краудинвестинг | 2029-жылдын 30-июну | «ЧОИ-хаб» системасындагы финансылык модуль иштелип чыкты жана эксплуатациялоого берилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, ФКУ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 31 | Бизнести өнүктүрүү модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: окутуу, акселераторлор, консалтинг; бизнести диагностикалоо жана колдоо инструменттерин тандоо (окутуу материалдары, шаблондор, вебинарлар) | 2029-жылдын 30-августу | «ЧОИ-хаб» системасында бизнести өнүктүрүү модулу иштелип чыкты жана эксплуатациялоого берилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 32 | Экспортту колдоо модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: рынокторду тандоо, сертификаттоо, логистика, СӨП жана САЧКӨМ менен электрондук өз ара аракеттенүү | 2028-жылдын 30-ноябры | «ЧОИ-хаб» системасында экспортту колдоо модулу иштелип чыкты жана эксплуатациялоого берилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), СӨП (макулдашуу боюнча), САЧКӨМ Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 33 | Инновацияларды жана стартаптарды колдоо модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү: колдоо чаралары (гранттар, акселераторлор, салыктык жеңилдиктер), стартапты өнүктүрүү үчүн кадамдык «жол картасы», өтүнмөлөр, инвесторлорду жана өнөктөштөрдү тандоо системасы, өнөр жай ишканаларынан жана мамлекеттик сектордон технологиялык суроо-талаптардын (милдеттердин) базасы менен интеграциялоо, релеванттык мүмкүнчүлүктөрдү автоматтык түрдө тандоо үчүн ЧОИ санариптик профили менен байланыш | 2029-жылдын 30-январы | «ЧОИ-хаб» системасында инновацияларды жана стартаптарды колдоо модулу иштелип чыкты жана эксплуатациялоого берилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 34 | «ЧОИ-хаб» платформасын толук көлөмдө ишке киргизүү, платформаны бардык негизги мамлекеттик жана финансылык сервистер (салыктар, лицензиялар, уруксаттар, кызмат көрсөтүүлөр, текшерүүлөр, кредиттер, гранттар, улуттук экспорттук платформа, аналитика системалары ж.б.) менен толук функциялык интеграциялоону камсыз кылуу | 2029-жылдын 30-марты | «ЧОИ-хаб» платформасы толук кандуу иштеп жатат Платформанын кызмат көрсөтүүлөрүнө ишкерлердин канааттануу деңгээли 70 %дан кем эмес, активдүү ЧОИнин 50 %дан кем эмеси катталган, 70 % колдоо чаралары автоматташтырыл-ган текшерүү критерийлери менен иштелип чыгат, өтүнмөлөрдүн 60 %ы толугу менен онлайн режиминде өтөт, мамлекеттик органдардын жана финансы институттарынын 10дон кем эмес сервистери менен интеграция камсыздалган. Ишкерлердин 30 %дан кем эмеси платформада окутуудан жана консультациядан өткөн | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 35 | Ишкерлерди колдоо чараларын, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын орто жана чакан ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү чаралары жөнүндө программасын ишке ашыруунун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматка, ошондой эле ишкерлер үчүн аналитикалык жана статистикалык маалыматтарга ачык жеткиликтүүлүктү камсыз кылган коомдук маалыматтык модулду түзүү | 2029-жылдын 30-майы | Процесстин ачык-айкындуулугу жана кечигүүлөрдүн же ийгиликсиздиктер-дин себептеринин түшүнүктүү болушунун эсебинен канааттануу индексинин (CSAT) өсүшү | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 36 | Мамлекеттик маалыматтык системаларды интеграциялоо жана маалыматтарды автоматташтырылган ведомстволор аралык алмашуу менен «ЧОИ-хаб» аркылуу социалдык контракт алууга өтүнмөлөрдү берүү, карап чыгуу жана коштоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу | 2029-жылдын 30-марты | «ЧОИ-хаб» аркылуу электрондук форматта социалдык контракт алууга өтүнмөлөрдү берүү жана байкоо камсыз кылынды. Документтердин кайталанышы жокко чыгарылды. Ыйгарым укуктуу органдардын мамлекеттик маалыматтык системалары менен интеграциялоо камсыз кылынды. Социалдык контрактка өтүнмөлөрдүн 50 %дан кем эмеси санарип форматта берилет жана коштолот | ЭКМ, ЭСКММ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 37 | «Бизнес Түндүк» сервистик платформаны ишке киргизүү | Санариптештирүүгө тийиш болгон бизнес-кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2029-жылдын 1-марты | Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги менен ЧУА кабыл алынды | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 38 | Мамлекеттик органдардан уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн бирдиктүү санариптик платформаны киргизүү | 2029-жылдын 1-ноябры | Санариптик платформа түзүлдү, уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөттөрү кыскартылды жана административдик жол-жоболор жөнөкөйлөтүлдү | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 39 | Маалыматтарды бир жолу берүү принцибин мыйзам менен киргизүү, ишкерден мамлекеттик базаларда болгон маалыматтарды талап кылууга тыюу салууну бекитүү | 2028-жылдын 30-январы | ЧУА кабыл алынды | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| 40 | Ишкердик иши менен байланышкан артыкчылыктуу административдик жол-жоболорду андан ары санариптештирүү үчүн жөнөкөйлөтүү максатында реинжиниринг жүргүзүү | 2028-жылдын 1-сентябры | Макулдашуу этаптарын 40 %га кыскартуу | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 41 | Ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтардын ведомстволор аралык алмашуусун камсыз кылуу | 2028-жылдын 30-ноябры | Маалыматтарды ведомстволор аралык алмашуу аркылуу ишкерлерден талап кылынуучу документтердин саны кыскарды | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 42 | Бизнес-кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринен артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүү | 2028-жылдын 30-декабры | Алдын ала толтурулган маалыматтар менен жеке кабинеттер түзүлдү (90 % автотолтуруу) | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 43 | Өтүнмөлөр трекерин иштеп чыгуу. Жооптуу кызматкердин аты-жөнүн жана конкреттүү мөөнөттөрүн белгилөө менен реалдуу убакытта кызмат көрсөтүүнүн статусуна (өтүнмө ээси үчүн) ачык мониторинг түзүү | 2028-жылдын 30-декабры | Өтүнмөлөрдүн 100 % реалдуу убакыт режиминде, ведомстволорго жеке кайрылуусуз ишкерге жеткиликтүү статуска ээ. Процесстин ачык-айкындыгы жана кечигүүлөрдүн же баш тартуулардын себептерин түшүнүүнүн эсебинен канааттануу индексинин өсүшү (CSAT) | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 44 | Отчеттуулукту камсыз кылуу үчүн жогорку органдарга мөөнөтүн өткөрүүлөр жөнүндө автоматтык билдирүү системасын киргизүү | 2028-жылдын 30-декабры | Белгиленген мөөнөттүн алкагында каралган өтүнмөлөрдүн пайызы 95–98 %дан кем эмести түзөт | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум, админист-ративдик жол-жоболорду жөнгө салуучу министрлик-тер жана ведомство-лор | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 45 | Алдын ала жактырылган IT-чечимдерди ЧОИнин сатып алуусун кошо каржылоо үчүн «Санариптик ваучер» программасын киргизүү | Программанын эрежелерин, бюджетин жана «Санариптик ваучердин» белгиленген өлчөмүн бекитүү (наркынын 50–70 %) | 2029-жылдын 30-марты | Программанын эрежелери жана бюджет бекитилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 46 | Алдын ала жактырылган IT-чечимдердин каталогун түзүү жана жарыялоо (анын ичинде татаал CRM, ERP жана массалык: онлайн-кассалар, сайттарды түзүүчүлөр ж.б.) | 2029-жылдын 30-марты | Каталог түзүлдү жана ачык түрдө жеткиликтүү | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 47 | Программаны жөндөө үчүн чектелген сандагы ваучерлер менен пилот жүргүзүү. Жыйынтыгы боюнча натыйжаларды талдоо жана эрежелерди тууралоо | 2029-жылдын 30-июну | Пилот жүргүзүлдү. Эрежелерге керектүү өзгөртүүлөр киргизилди | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| 48 | Программаны толук көлөмдө ишке киргизүү | 2029-жылдын 30-августу | Берилген жана ишке ашырылган «Санариптик ваучерлердин» санынын өсүшү. Адистештирилген бизнес-ПК колдонгон ЧОИнин үлүшүнүн өсүшү | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| Жөнгө салуу чөйрөсү жана ишкерлердин укуктарын коргоо системасы | ||||||
| 49 | Бизнести өнүктүрүү-нүн бирдиктүү, санариптик жана натыйжага багытталган системасын түзүү үчүн ишкердик чөйрөсүндөгү базалык мыйзамдар-ды («Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары) комплекстүү актуалдаштырууну жүргүзүү | Түшүнүктөр аппаратын бириктирүү жана тейлөө мамилесин бекитүү. Бизнес субъекттерин классификациялоонун бирдиктүү критерийлерин («чакан», «орто», «ири») киргизүү жана мамлекеттик тейлөөнүн өзгөчө түрү катары «бизнес-кызмат көрсөтүү» түшүнүгүн мыйзам менен бекитүү | 2028-жылдын 30-марты | Укуктук коллизиялар жана колдоо чараларын даректүү (максаттуу) колдонуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылды | ЭКМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
| 50 | Мыйзам менен колдоо механизмдеринин (финансылык, кепилдик, акселерациялык) толук тизмегин бекитүү жана компаниянын жашоо циклинин конкреттүү баскычтарына багытталган так чараларды классификациялоо системасын киргизүү | 2029-жылдын 30-марты | Бизнестин ар бир сегменти үчүн конкреттүү инструменттер мыйзам менен бекитилди | ЭКМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| 51 | Санариптик платформалардын жана электрондук сервистердин алкагында иштөөгө ыңгайлаштырылган бизнес-кызматтарды көрсөтүүнүн административдик регламенттерин жана стандарттарын иштеп чыгуу | 2029-жылдын 30-марты | Адам факторунан көз карандысыз кызмат көрсөтүүнүн кепилденген сапаты жана ылдамдыгы белгиленди | ЭКМ | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| 52 | ЧОИ субъекттери үчүн QR-төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча комиссияларды төмөндөтүү максатында төлөм системаларынын комиссияларын компенсациялоо механизмин киргизүү | 2027-жылдын 31-декабры | Накталай эмес эсептешүүлөрдү өнүктүрүүгө жана QR-төлөмдөрдү колдонууну кеңейтүүгө багытталган, QR-төлөмдөр менен байланышкан ЧОИ субъекттеринин чыгымдарын компенсациялоо механизми киргизилди; ЧОИнин транзакциялык чыгымдары 15 % кем эмес кыскарды | ЭКМ, ФМ, КРУБ (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында | |
| 53 | Бекитилген региондо/ сектордо ишкердикти өнүктүрүү индикаторлорунун негизинде мамлекеттик органдардын жана облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын ишин баалоо системасын (KPI) киргизүү жана коомдук мейкиндикке, анын ичинде «ЧОИ-хаб» жайгаштыруу | 2029-жылдын 30-марты | Мамлекеттик кызматкерлер жана облустук жана райондук мамадминистрациялардын кызматкерлери «сервистик менеджерлер» болушат, алардын иши ЧОИнин санынын өсүшү жана жүгүртүмү боюнча бааланат | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 54 | Кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын бизнеске иш жүзүндө таасирине милдеттүү түрдө мониторинг жүргүзүү механизмин, алардын натыйжалуулугун белгилүү бир убакыт аралыгында баалоонун так критерийлери жана терс таасир тийгизген учурда кайра кароо механизмин киргизүү | 2029- жылдын 30-майы | Натыйжасыз жана бизнести өнүктүрүүнү басаңдатуучу ченемдик талаптарды өз убагында жоюу | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 55 | Ишкердикти өнүктүрүүдө облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар-дын ролун жогорулатуу | Аудитти жүргүзүү жана мамлекеттик органдар менен ашыкча жана бири-бирин кайталаган функцияларды алып салуу менен жеринде чакан бизнести колдоо боюнча өзгөчө ыйгарым укуктарды облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларга бекитүү | 2028-жылдын 30-марты | Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар компетенциялар жана жеринде ЧОИни колдоо борборлору болот. «Функция – ведомство – аткаруучу» жоопкерчилигинин так матрицасы түзүлдү | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
| 56 | Атаандаштыкка жана инвестициялык климатка муниципалдык жана мамлекеттик актылардын таасирин милдеттүү түрдө баалоо менен мамлекеттик-жеке диалогду камсыз кылуу үчүн ар бир райондо туруктуу иштөөчү коомдук кеңештерди (бизнес-ассоциациялардын катышуусу менен) түзүү. Бизнестин алдында милдеттүү жылдык отчетту ишке киргизүү | 2028-жылдын 30-январы | Жыл сайын ар бир райондо бизнестин алдында облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар-дын ачык отчеттору өткөрүлүүдө | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Каралган каражаттардын алкагында | |
| 57 | Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин ишкердик саясат жана сервистик мамиле чөйрөсүндөгү потенциалын жогорулатуу | 2029-жылдын 30-сентябры | Облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар-дын 500дөн кем эмес кызматкери окуудан өттү. 100дөн кем эмес коммуникативдик иш-чаралар өткөрүлдү | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, бизнес-ассоциация-лар (макулдашуу боюнча), КРПБА (макулдашуу боюнча) | Каралган каражаттардын алкагында | |
| 58 | Укук колдонуу практикасын ревизиялоо, мамлекеттик органдардын KPI системасын реформалоо жана инклюзивдүү ченем жаратуу механизмдерин киргизүү аркылуу жөнгө салуунун сервистик-өнөктөштүк моделине өтүү | Мурунку жылдардагы чечимдер үчүн ченемдик актыларга жана укук колдонуу практикаларына алардын атаандаштык жана пропорционалдык принциптерине шайкеш келиши үчүн аудит жүргүзүү | 2029-жылдын 30-сентябры | ЧОИ субъекттерин өнүктүрүүнү басаңдатуучу ашыкча, бири-бирин кайталаган жана экономикалык жактан негизсиз ченемдик талаптарды топтом түрүндө жокко чыгаруу же актуалдаштыруу жүргүзүлүүдө | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
| 59 | Башкаруунун сапатын, жол-жоболордун ачыктыгын, бизнестин ишеним деңгээлин жана бузууларды алдын алуунун натыйжалуулугун чагылдырган көрсөткүчтөрдү эл аралык индикаторлорду жана рейтингдерди эске алып, этап-этабы менен киргизүүнү кароо менен салык, бажы, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын натыйжалуулугун баалоо системасын кайра карап чыгуу | 2028-жылдын 30-ноябры | Фискалдык индикаторлор менен катар башкаруу сапатынын, ачыктыктын жана ишенимдин көрсөткүчтөрүн пайдаланууну караган салык, бажы, укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоого карата жаңыланган мамилелер бекитилди жана ишке киргизилди | ЭКМ БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 60 | ЧОИ субъекттеринин укуктук коопсуздугун жана укуктарын коргоону камсыз кылуу | Бизнес-омбудсмендин катчылыгынын түзүү жана региондук өкүлдөрү менен иштешин камсыз кылуу | 2030-жылдын 30-июну | Бизнес-омбудсмендин катчылыгы Бишкекте башкы кеңсеси жана 7ден кем эмес региондук өкүлдөрү менен түзүлгөн жана иштеп жатат; иш регламенттери, кайрылууларды кароо стандарттары, жооп кайтаруу мөөнөттөрү (15 жумуш күндөн ашык эмес) жана маморгандар менен өз ара аракеттенүү тартиби бекитилген; ЧОИ кайрылууларды түз жана санариптик форматта берүү мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылынды | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, КРП облустарда-гы ЫУӨ, бизнес-ассоциация-лар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин алкагында |
| 61 | Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө жана ЧОИнин даттанууларын кароодо бизнес-омбудсмендин корутундуларын милдеттүү түрдө эсепке алуу механизмин киргизүү | 2030-жылдын 30-августу | Бизнес-омбудсмендин корутундуларын милдеттүү түрдө эсепке алуу механизми киргизилди; корутундулар ЧОИнин даттанууларын текшерүүдө жана кароодо материалдардын топтомуна киргизилди; 70 %дан кем эмес сунуштамалар чечим кабыл алууда эске алынат, эсепке алуудан баш тартуу жазуу жүзүндө негизделүүгө тийиш | ЭКМ, МСК, БП (макулдашуу боюнча), СӨП (макулдашуу боюнча), МКО | Республикалык бюджеттин алкагында | |
| 62 | Аялдардын ишкердүүлүгүндөгү спецификалык тоскоолдуктарды аныктоо жана четтетүү үчүн гендер боюнча маалыматтарды милдеттүү түрдө дезагрегациялоо менен «ЧОИ-хаб» аркылуу ишкерлердин даттанууларын кабыл алуунун, мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун санариптик системасын түзүү | 2028-жылдын 30-декабры | ЧОИнин кайрылууларын эсепке алуунун жана талдоонун санариптик системасы түзүлдү (гендер боюнча маалыматтарды дезагрегациялоо менен) | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин алкагында | |
| 63 | Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз же негизсиз аракеттери менен ЧОИ субъекттерине келтирилген материалдык жана материалдык эмес зыянды компенсациялоонун укуктук механизмин иштеп чыгуу жана киргизүү | 2028-жылдын 30-декабры | Ишкерди милдеттүү түрдө кабарлоонун укуктук механизми иштелип чыкты жана ишке киргизилди; көз карандысыз баалоо жана объектти өткөрүп бергенге чейин төлөө менен рыноктук наркы боюнча компенсация; даттануунун тездетилген тартиби (60 күндөн ашык эмес) жана даттанууну караганга чейин иш-аракеттерди токтотуу каралды; мүлктү жоготуунун натыйжасында иш-аракетти капысынан токтотуу учурларынын үлүшү кыскарды | ЭКМ, БП (макулдашуу боюнча), ММБМА, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, Курулуш министрлиги, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин алкагында | |
| 64 | Зыяндын ордун толтуруу жөнүндө ишкерлердин кайрылууларын кароо жол-жоболорун, анын ичинде далилдерге карата талаптарды, кароо мөөнөттөрүн жана чечимдерди кабыл алуу тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү | 2028-жылдын 30-декабры | ЧОИнин зыяндын ордун толтуруу жөнүндө кайрылууларын кароо регламенти бекитилди; зарыл далилдердин тизмеги (документтер, көз карандысыз баалоо, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү), кайрылууларды кабыл алуу жана текшерүү мөөнөттөрү 10 жумуш күндөн көп эмес, чечим чыгаруу мөөнөтү – 30 жумуш күндөн көп эмес; компенсацияларды төлөө тартиби жана баш тартууларга даттануу механизми каралган; чечимдер жана кайрылуулардын статистикасы жыл сайын жарыяланууга тийиш | ЭКМ, БП (макулдашуу боюнча), ММБМА, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, Курулуш министрлиги, Бишкек ш. мэриясы (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин алкагында | |
| 65 | Ишкердик иштин субъекттерине зыян келтиргендиги үчүн, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөттөрүн бузуу учурлары жана негизсиз аракетсиздиги үчүн кызмат адамдарынын тартиптик жана администрациялык жоопкерчилик принцибин ишке ашыруу | 2028-жылдын 30-декабры | Кызмат адамдарынын ЧОИге келтирилген зыян үчүн, анын ичинде негизсиз текшерүүлөр жана мөөнөттөрдү бузуу үчүн жеке жоопкерчилик механизми киргизилди; даттанууларды кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин белгиленди, жыйынтыктарды жарыялоо жана зыяндын ордун артыкчылыктуу толтуруу камсыз кылынды; жыл сайын жоопкерчиликке тартуу жөнүндө отчет жарыяланууда | ЭКМ, БП (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин алкагында | |
| 66 | Инфраструктуранын жеткиликтүүгүн жөнгө салуу системасын жөнөкөйлөтүү | ЧОИ үчүн жеткиликтүү инфраструктуранын реестрин түзүү (жайлар, жер, инженердик инфраструктура), анын ичинде объекттерди инвентаризациялоо; реестрди санариптештирүү, жеткиликтүүлүк шарттарын жарыялоо, ресурстарды бөлүштүрүүнүн ачык механизмин киргизүү | 2027-жылдын 30-декабры | Жеткиликтүү инфраструктуранын реестри түзүлдү жана ачык булактарда жайгаштырылды | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Маммүлк | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
| 67 | ЧОИ үчүн жер участокторун жана жайларды жеңилдетилген түрдө берүү механизми, анын ичинде ижаранын жеңилдетилген шарттарын белгилөө (ижаралык каникулдар жана төмөндөтүлгөн ставкалар), тандоонун ачык-айкын жол-жоболорун киргизүү, бирдиктүү платформа аркылуу арыз берүүнү санариптештирүү киргизилген | 2029-жылдын 30-августу | ЧОИ субъекттеринин баштапкы чыгымдары азайтылды; региондордо жаңы ишканалардын санын көбөйдү | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Маммүлк | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 68 | Инфраструктурага кошулуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү, анын ичинде этаптарды кыскартуу, бир терезе принцибин киргизүү, өтүнмөлөрдү берүүнү санариптештирүү, чектелген мөөнөттөрдү белгилөө | 2028-жылдын 1-июну | Инфраструктурага кошулуу мөөнөтү 30–50 %га кыскартылды | Курулуш министрлиги | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| Кластердик мамиле: региондордун экономикалык потенциалын теңдөө | ||||||
| 69 | Кластердик өнүктүрүү акселераторун түзүү | Региондордо кластердик өнүгүүнү ыкчамдатуучу орган катары акселераторду түзүү | 2028-жылдын 30-сентябры | Кластердик өнүктүрүүнън акселератору жөнүндө жобо бекитилди | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, фонддордун жана өнүктүрүү институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 70 | Кластерлердин менеджерлерин даярдоо программасын ишке ашыруу | 2028-жылдын 30-марты | Кластердик менеджерлерди даярдоо программасы ишке ашырылды, 100дөн кем эмес кластердик менеджерлер даярдалды жана сертификатталды; региондордо кластердик демилгелерди башкаруу үчүн кадрлар резерви түзүлдү | ЭКМ, Консорциум, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 71 | Ар бир кластерде ишкердик кооперацияны активдештирүүнүн билим берүү программаларын ишке ашыруу | 2028-жылдын 30-июну | Артыкчылыктуу багыттар боюнча региондордо 20дан кем эмес билим берүү программалары өткөрүлдү | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 72 | Региондук кластерлерди өнүктүрүүнүн жол картасын иштеп чыгуу | 2027-жылдын 30-ноябры | Кластерлерди өнүктүрүү жана региондук адистештирүү боюнча 15тен кем эмес пилоттук долбоор бекитилди | ЭКМ, САЧКӨМ, ТӨМА, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 73 | Социалдык контракт алуучулардын, ЧОИ субъекттеринин, кооперативдердин жана колдоо уюмдарынын бирдиктүү өндүрүштүк жана сервистик чынжырларга биригүүсүн караган социалдык контракттын базасында аймактык кластерлерди өнүктүрүүнүн пилоттук механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу | 2029-жылдын 30-июну | Региондордо социалдык контракттын негизинде 5тен кем эмес пилоттук кластердик демилге ишке ашырылды. Социалдык контракт алуучуларды туруктуу ишкердик ишке тартуу камсыз кылынды. Типтүү моделдер кийинчерээк көбөйтүү үчүн даярдалды | САЧКӨМ, ЭКМ, ЭСКММ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 74 | Кластердик саясатты институттук жана ченемдик камсыздоо | ЧОИнин, илимий жана билим берүү мекемелеринин, бийлик органдарынын жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу кластердик саясаттын институттук базасын түзүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу | 2029-жылдын 30-июну | Кластердик саясаттын институттук базасын түзүү боюнча сунуштамалар иштелип чыкты жана бекитилди; ЧОИ, илимий жана билим берүү мекемелеринин, бийлик органдарынын жана өнүктүрүү институттарынын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери аныкталды; сунуштар региондордо кластердик демилгелерди ишке ашырууда колдонулууда | ЭКМ, САЧКӨМ, ТӨМА, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 75 | Кластерлердин ишинин натыйжалуулугун, анын ичинде аялдардын жана жаштардын катышуу деңгээлин, ошондой эле улуттук долбоорлордун жана ТӨМдүн максаттарына жетүүдөгү мындай кластерлердин салымын баалоо үчүн мониторинг жана KPI системаларын түзүү | 2029-жылдын 30-январы | Мониторинг жүргүзүлдү жана KPI системасы түзүлдү жана ишке киргизилди; аялдар менен жаштардын катышуусун кошуу менен көрсөткүчтөрдүн топтому (15тен кем эмес индикатор) бекитилди; жыл сайын кластерлердин натыйжалуулугу жана алардын улуттук долбоорлорго жана ТӨМгө жетүүгө кошкон салымы жөнүндө отчет түзүлүүдө | ЭКМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, ТӨМА, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 76 | Региондук кластерлердин экспорттук ишин колдоо | Тышкы рынокторго чыгуу максатында кластерлердин катышуучулары үчүн продукцияны сертификаттоону жеңилдетүү чараларын иштеп чыгуу жана киргизүү | 2029-жылдын 30-ноябры | 10 пилоттук кластер үчүн сертификаттоону жеңилдетүү боюнча чаралардын комплекси бекитилди | ЭКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин каражаттарынын жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
| 77 | Кластерлердин катышуучуларына продукцияны илгерилетүү жана сатуу каналдарын издөөгө колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу, анын ичинде өнөктөштөрдү издөөнү уюштуруу, көргөзмө-жарманке иш-чараларына жана бизнес-миссияларга катышууга кеткен чыгымдарды компенсациялоо | 2030-жылдын 1-январы | Экспорттук рынокторго илгерилетүүнү колдоо программалары кластерлердин 70 % ишке ашырылды | ЭКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин каражаттарынын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында | |
| 78 | Эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сыноочу лабораториянын сыноо чөйрөсүн экспорттолуучу продукциянын коопсуздук талаптарына шайкештигин камсыз кылуу үчүн кеңейтүү | Колдо болгон лабораториялык жабдууларга техникалык тейлөө жүргүзүү, аларды ишке киргизүүнү жана ишке жөндөмдүүлүгүн верификациялоону камсыз кылуу. Лабораториянын кызматкерлерин окутууну жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу. Лабораторияны ЕАЭБ/ББ ТР талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзүү үчүн зарыл болгон реактивдер, лайнерлер жана чыгымдалуучу материалдар менен камсыз кылуу | 2027-жылдын 1-февралы | Лабораториянын аккредитация чөйрөсү кеңейтилди; сыноолордун жаңы методдору киргизилди; кызматкерлердин квалификациясы жогорулатылды; ТР ББ/ЕАЭБ талаптарына ылайык сыноолорду жүргүзүү камсыздалды | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарынын алкагында |
| 79 | Кластерлерди мамлекеттик колдоо механизмдерин өнүктүрүү | Кластердик өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты, анын ичинде салыктык дем берүүлөрдү, гранттык программаларды, субсидияларды жана инфраструктуралык көмөктөшүүнү өркүндөтүү боюнча чечимдерди иштеп чыгуу | 2028-жылдын 30-ноябры | Кластердик өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты жана сунушталды; колдоо чараларынын топтому (салыктык дем берүүлөр, гранттык программалар, субсидиялар жана инфраструктура-лык көмөктөшүү) даярдалды; практикада колдоонун 3төн кем эмес инструменти ишке киргизилди | ЭКМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 80 | Мыкты эл аралык практикалардын негизинде аялдардын, жаштардын жана социалдык ишкердиктин субъекттеринин муктаждыктары менен мамлекеттик колдоо чараларын (жеңилдиктер, гранттар, кепилдик механизмдери, санариптик сервистер, окутуу) интеграциялоо моделдерин түзүү | 2028-жылдын 30-ноябры | ЧОИнин муктаждыктары менен мамлекеттик колдоо чараларын интеграциялоонун моделдери иштелип чыкты жана ишке киргизилди; жеңилдиктерди, гранттарды, кепилдик механизмдерин, санариптик сервистерди жана окутуу программаларын координациялоо камсыз кылынды; колдоого ээ болгондордун 30 %дан кем эмесин аялдар, жаштар жана социалдык ишкердик субъекттери түзөт | ЭКМ, САЧКӨМ, ТӨМА, ЖРЭТКМ, ММЖСМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 81 | Артыкчылыктуу кластерлерди өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу | Ар бир кластер үчүн пилоттук жеке түзүү программаларын ишке ашыруу | 2028-жылдын 1-декабры | Жогорку экспорттук потенциалы бар артыкчылыктуу кластерлер (АӨК, туризм, логистика, IT, креативдүү индустриялар жана жеңил өнөр жай) аныкталды жана колдоого алынды; 10дон кем эмес кластердик демилгелер ишке киргизилди жана мамлекеттик колдоо программасына киргизилди | ЭКМ, САЧКӨМ, ТӨМА, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), ЖРЭТКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 82 | Эл аралык сертификаттоого жана стандартташтырууга ЧОИнин кеткен чыгымдарынын бир бөлүгүнүн ордун толтуруу механизмин киргизүү | 2028-жылдын 30-августу | Сертификаттоого кеткен чыгымдардын 50 % чейин орду толтурулду; кеминде 300 ЧОИ эл аралык сертификаттоодон өттү | ЭКМ, ФМ, САЧКӨМ, ТӨМА, ЖРЭТКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 83 | Чакан жана орто ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна интеграциялоо | Субподряддык жана консорциалдык катышуу мүмкүнчүлүгү менен типтүү контракттык моделдерди иштеп чыгуу | 2027-жылдын 20-декабры | 10дон кем эмес ЧОИ субподряддык жана консорциалдык катышуу менен контракттык моделдер аркылуу долбоорлорго тартылды | ИУА | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 84 | Тиешелүү ЧУАларга мыйзам менен төмөнкүлөрдү бекитүү: – ЧОИнин конкурстарга жергиликтүү катышуусу боюнча милдеттүү талаптарды; – ЧОИ үчүн өзүнчө лотторду жана модулдарды; – ЧОИ субъекттеринин МЖӨ долбоорлоруна катышуусунда финансылык жана контракттык тобокелдиктерди азайтуу үчүн камсыздандыруу жана кепилдиктер механизмдерин; – ESG тендерлердин «жашылдарынын» конкурстук документтерин | 2028-жылдын 30-сентябры | 10дон кем эмес ЧОИ өзүнчө лоттор жана модулдар аркылуу мамлекеттик жана МЖӨ долбоорлоруна катышуу мүмкүнчүлүгүн алды, мында алардын финансылык жана контракттык тобокелдиктери камсыздандыруу жана кепилдик механизмдеринин эсебинен төмөндөөдө | ИУА | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 85 | ЧОИ субъекттерин жайгаштыруу жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында региондордо зарыл болгон инженердик жана транспорттук инфраструктураны жүргүзүү менен индустриялык парктарды түзүү | 2029-жылдын 30-сентябры | Региондордо индустриялык парктар ишке киргизилди | ЭКМ, ФМ, САЧКӨМ | Республикалыкбюджеттин, өнүктүрүүфонддорунунжанаинституттарынынкаражаттарыныналкагында | |
| Жаңы типтеги ишкерлердин санариптик жана башкаруучулук көндүмдөрү | ||||||
| 86 | СКБ тармагын түзүү | Ишкердикти колдоо институттарынын иштеп жаткан региондук бөлүмдөрүнүн базасында 3 облуста СКБнын пилоттук тармагын ишке киргизүү | 2028-жылдын 30-декабры | Ишкердикти колдоо институттарынын региондук бөлүмдөрүнүн базасында 3 облуста СКБнын пилоттук тармагы ишке киргизилди; 1500дөн кем эмес ЧОИ субъекттери консультациялык жана билим берүү кызматтарын алды; бизнести колдоо боюнча компетенциялар-дын региондук борборлору түзүлдү | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 87 | СКБны бардык региондордо ишке киргизүү | 2029-жылдын 30-декабры | СКБ өлкөнүн бардык региондорунда ачылды жана иштеп жатат; жыл сайын 5000ден кем эмес ЧОИ субъекттери СКБ тармагы аркылуу консультациялык, билим берүү жана сервистик кызматтарды алууда | ЭКМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 88 | Санариптик сабаттуулук, «ЧОИ-хаб» платформасын пайдалануу, онлайн-соода, экспорттук аянтчаларга чыгуу, бизнести санариптештирүү, финансылык санариптик башкаруу, санариптик маркетинг боюнча типтүү окуу программаларын иштеп чыгуу | 2028-жылдын 1-декабры | Санариптик сабаттуулук, «ЧОИ хаб» платформасын пайдалануу, онлайн-соода жана экспорттук аянтчаларга чыгуу, бизнести санариптештирүү, финансылык санариптик башкаруу, санариптик маркетинг боюнча типтүү окуу программалары иштелип чыкты жана бекитилди; 2000ден кем эмес ЧОИ субъекттери окуудан өттү | ЭКМ, ИЖБИМ, «Түндүк» ААК (макулдашуу боюнча), «Кызмат» ММ (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 89 | Эксперттерди (анын ичинде ЖОЖдордогу бизнес-инкубаторлор үчүн), анын ичинде эл аралык эксперттерди жана ийгиликтүү ишкерлерди тартуу менен аралыктан насаатчылык программасын ишке киргизүү | 2028-жылдын 1-декабры | Аралыктан насаатчылык программасы ишке киргизилди; эл аралык адистерди жана ийгиликтүү ишкерлерди камтыган эксперттердин тармагы түзүлдү; 1000ден кем эмес ЧОИ субъекти жана студент насаатчылык колдоо алды | ЭКМ, ИЖБИМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 90 | «ЧОИ-хаб» аркылуу ЧОИнин жаңы субъекттерин үч жылдык коштоо программасын ишке киргизүү | 2028-жылдын 30-январы | Коштоо программасы ишке киргизилди; жаңы ЧОИнин жашоо деңгээли 20 %га жогорулады | ЭКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 91 | ЧОИнин жаңыдан ишин баштаган жана иштеп жаткан субъекттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | Эмпретек методологиясынын негизинде ишкер-лидерлерди даярдоо | 2030-жылдын 30-июну | Кеминде 15 семинар өткөрүлдү жана 1000ден кем эмес ишкер курстан өттү | ЭКМ | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 92 | Окуу семинарларын өткөрүү үчүн «Эмпретек Кыргызстан» борборун түзүү | 2029-жылдын 30-августу | «Эмпретек Кыргызстан» борбору түзүлдү жана иштөөдө; Эмпретек эл аралык методологиясы ишке киргизилди; жыл сайын 10дон кем эмес окуу семинары өткөрүлүүдө; 1500дөн кем эмес ишкер даярдалды | ЭКМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 93 | Өсүү потенциалы жогору ЧОИ реестрин түзүү, алар үчүн бизнести масштабдоого багытталган акселерациялык программа ишке ашырылууда | 2029-жылдын 30-августу | Реестрге 100дөн кем эмес компания киргизилди, алардын кеминде 30 % аялдардын бизнеси түзөт | ЭКМ, ФМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 94 | Ийгиликтүү ишкерлердин арасынан насаатчылардын жана потенциалдуу бизнес-ангелдердин пулун түзүү | 2029-жылдын 1-июну | Насаатчылардын жана бизнес-ангелдердин реестри түзүлдү; 5000ден кем эмес ЧОИ субъекти насаатчылык колдоо алды | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 95 | Ишкердиктин муниципалдык борборлорун түзүү, анын ичинде аянтчаларды инвентаризациялоо, пилоттук борборлорду ишке киргизүү, каржылоо моделин бекитүү, бизнес-ассоциацияларды жана насаатчыларды тартуу, окутуу иш-чараларын жүргүзүү | 2029-жылдын 30-декабры | 10000ден кем эмес колдонуучусу бар 20дан кем эмес муниципалдык борбор түзүлдү | ЭКМ, ИЖБИМ, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 96 | Колдонуудагы муниципалдык инфраструктуранын базасында минималдуу жабдуулар (интернет, жумуш орду) жана жеңилдетилген ижара акысы менен коворкингдер тармагын түзүү | 2028-жылдын 30-декабры | Региондордо кеминде 50дөн кем эмес коворкинг иштөөдө. Айылдарда ЧОИ субъекттеринин санынын өсүшү | ЭКМ, облустук жана райондук мамлекеттик администра-циялар | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 97 | Бизнес-инкубаторлор тармагын, анын ичинде насаатчылык программаларын (аялдар үчүн инфраструктура менен (балдар бөлмөлөрү)) түзүү | 2029-жылдын 30-декабры | 5000ден кем эмес катышуучу менен 7ден кем эмес бизнес-инкубатор түзүлдү, алардын ичинен 45 %дан кем эмеси аялдар жана 20 %дан кем эмеси 35 жашка чейинки жаштар. Ишкердиктин субъекттеринин санынын өсүшү | ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 98 | Жаңы баштаган ишкер аялдар үчүн балдар инфраструктурасы жана жаштар үчүн саатына жеңилдетилген ижара менен өндүрүштүк мейкиндиктерди (тигүү жабдуулары бар мейкиндик, ар кандай профилдеги устаканалар жана башка багыттар) түзүү | 2029-жылдын 30-декабры | Бизнести өнүктүрүүгө баштапкы чыгымдар кыскарды | ЭКМ, ММСЖСМ, Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 99 | Ишкердиктин практикалык негиздерин жалпы билим берүү процессине интеграциялоо | Жалпы билим берүүчү мектептерде «Мектептен баштап ишкердик» (анын ичинде онлайн курстар) кыска мөөнөттүү окуу модулун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2030-жылдын 1-июну | Жогорку класстардын окуучуларынын 40 %дан кем эмеси камтылды, анын ичинен 15 %дан кем эмеси кыздар | Агартуумин, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында |
| 100 | Кесиптик орто билим берүү уюмдарында жана ЖОЖдордо «Бизнести ишке киргизүү» милдеттүү практикалык модулун (анын ичинде онлайн курстарды) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2030-жылдын 1-июну | Студенттердин 30 %дан кем эмеси реалдуу долбоорлорду ишке киргизди, анын ичинен 10 %дан кем эмеси аялдар | ИЖБИМ, Агартуумин, бизнес-ассоциация-лар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 101 | Билим берүү уюмдарында конок бизнес лекциялардын туруктуу иштөөчү системасын ишке киргизүү (лекторлор – ЧОИ секторунан иштеп жаткан ишкерлер) | 2030-жылдын 1-июну | Билим берүү уюмдарынын типтери боюнча конок лекциялардын саны | Агартуумин, ИЖБИМ, ЭКМ, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| 102 | «Студенттик стартап» программасын ишке киргизүү | 2029-жылдын 1-июну | Каржылоону жана коштоону берүү менен конкурстук негизде 10дон кем эмес келечектүү долбоор | ИЖБИМ, бизнес-ассоциация-лар (макулдашуу боюнча), Консорциум | Республикалык бюджеттин, өнүктүрүү фонддорунун жана институттарынын каражаттарынын алкагында | |
| Кыскартуулардын тизмеси | ||||||
| АӨК | – | агроөнөр жай комплекси | ||||
| КРПМБА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы | ||||
| ЖОЖ | – | жогорку окуу жайы | ||||
| ТӨМА | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги | ||||
| Маммүлк | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик | ||||
| ММС | – | мамлекеттик маалыматтык система | ||||
| МКО | – | мамлекеттик контролдоо органдары | ||||
| МСК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | ||||
| БП | – | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы | ||||
| МКУ | – | «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК | ||||
| ММ | – | мамлекеттик мекеме | ||||
| МЖӨ | – | мамлекеттик-жеке өнөктөштүк | ||||
| КФ | – | «Кепилдик фонд» ААК | ||||
| ММЖСМ | – | Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги | ||||
| САЧКӨМ | – | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | ||||
| ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги | ||||
| Агартуумин | – | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги | ||||
| ЖРЭТКМ | – | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги | ||||
| Курулуш министрлиги | – | Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги | ||||
| ЧОИ | – | чакан жана орто ишкердик | ||||
| ЭСКММ | – | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги | ||||
| ФМ | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги | ||||
| ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги | ||||
| ИУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик | ||||
| КРУБ | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы | ||||
| ЧУА | – | ченемдик укуктук акт | ||||
| ЖӨБО | – | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары | ||||
| ЭКӨУ | – | Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму | ||||
| КРП облустардагы ЫУӨ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү | ||||
| ПК | – | программалык камсыздоо | ||||
| СӨП | – | Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы | ||||
| ПИБ | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы | ||||
| ФКУ | – | финансы-кредиттик уюмдар | ||||
| БТБ | – | бизнести тейлөө борбору | ||||
| ИТБ | – | ишкерлерди тейлөө борбору | ||||
| ТӨМ | – | туруктуу өнүгүү максаттары | ||||
| СКБ | – | Санариптик компетенциялар борбору | ||||
| API | – | тиркемелерди программалоо интерфейси | ||||
| IT | – | маалыматтык технологиялар | ||||
| KPI | – | натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү | ||||
| CRM | – | кардарлар менен өз ара мамилелерди башкаруу системасы | ||||
| CSAT | – | колдонуучулардын канааттануу индекси | ||||
| ERP | – | ишкананын ресурстарын пландоо системасы | ||||
| ESG | – | экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Венчурдук каржылоо жөнүндөЗакон · 28.07.2026 · № 126
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 448 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү…Постановление · 29.06.2026 · № 448
- Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндөЗакон · 29.04.2025 · № 89