Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-июну № 448 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 «2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга тартылган министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):
1) Иш-аракеттер планын өз убагында жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын;
2) Иш-аракеттер планын аткарууга туруктуу талдоо жана мониторинг жүргүзсүн;
3) кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейинки мөөнөттө Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) Иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча ишти жалпы координациялоону жүргүзсүн;
2) кварталдын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейинки мөөнөттө Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын (макулдашуу боюнча) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын жана Иш-аракеттер планынын сапаттуу жана өз убагында аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 48 (3808) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 "2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 05.06.2025 · № 178
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын бюджетинин (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын…Приложение · 29.06.2026 · № 448
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планы (Кыргыз Республикасынын Министрлер…План · 29.06.2026 · № 448
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 448…Программа · 29.06.2026 · № 448
- 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын орто жана чакан ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун…Матрица · 29.06.2026 · № 448