Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 24-июну № 233
Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын (статусун) жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагынан 2026-жылдын 1-июлунан тартып 31-июлуна чейин чыгып кетүү мүмкүндүгү берилсин.
2. Визасынын, жашап турууга уруксатынын колдонуу мөөнөтү өткөн же болбосо жашап турууга уруксаты жокко чыгарылган, жүрүүгө укугун ырастоочу документтери (каттоосу, эмгек ишин жүзөгө ашырууга уруксаты) жок же болбосо мөөнөтү өтүп кеткен мындай документтерди колдонгон, же болбосо мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынан чыгуудан баш тарткан, ошондой эле кирүүдө билдирилгенге шайкеш келбеген максатта Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам ушул Жарлыкта белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын аймагынан өз ыктыяры менен чыгып кеткен учурда, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликтен, ошондой эле чыгуу визасын тариздөө үчүн төлөмдөн бошотулат деп аныкталсын.
3. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча, анын ичинде маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү боюнча толук чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-июнундагы № 47 (3807) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 486 "Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн…Постановление · 15.07.2026 · № 486
- Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө…Приложение · 15.07.2026 · № 486
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021